Кыргызстан менен Япония экология жана климат боюнча кызматташат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки менен жолугушту.   Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Япония элчилигинин демилгеси менен өттү.   Анын жүрүшүндө тараптар экология жана климат боюнча мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу… Кененирээк…

Кытайдагы ресторан адаттан тыш кызматты ишке киргизди

Кытайдагы ресторан адаттан тыш кызматты ишке киргизди.   Эми туруктуу кардарлар тамактан кийин башын ушул жерден эле жууса болот. Ушундай жол менен алар тамактын жытынан арылышат жана ашканадагыдай жыттанган чачтарынан кабатыр болушпайт.   Пилоттук программа ийгиликтүү ишке ашса, ресторан аны өлкөнүн бардык филиалдарында ишке киргизет.

Ошто жаңы эс алуу зоналары пайда болот

Ошто жаңы эс алуу зоналары пайда болот. Түштүк борбордун мэриясынан билдиришкендей, долбоордун өзгөчөлүгү жөө адамдар үчүн фонтандарды куруу болуп саналат.   План боюнча объектилер келерки жылы пайдаланууга берилет.   Мындан тышкары, Токтогул Сатылганов атындагы шаардык сейил багындагы жайкы театрды реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

Коомдук транспорттогу жол кирени жогорулатуу маселеси кайрадан көтөрүлдү

Бишкекте коомдук транспорттогу жол кирени жогорулатуу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Бул тууралуу Novosti.kgге транспорт департаментинин башчысынын орун басары Улан Уезбаев билдирди.   Анын айтымында, учурда бул боюнча талкуу жана сунуштарды угуу жүрүп жатат. Мунун баары бир айга созулуп, андан кийин конкреттүү цифралар көрсөтүлгөн документтин долбоору жарыяланат… Кененирээк…

Кыргызстанда комуз күнү белгиленет

Кыргызстанда 9-сентябрда комуз күнү белгиленет. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, быйылкы иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат.   Маалыматка ылайык, бул күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Улуттук тарых музей тарабынан көчмө көргөзмө, Кинематография департаменти тарабынан Карамолдо Орозов… Кененирээк…

Индонезияда инвесторлорго өзгөчө виза бериле баштады

Индонезия “алтын виза” программасын баштады. Ал чет элдик инвесторлордун өлкөдө узак убакытка калышына шарт түзөт.   Программага катышуу үчүн минималдуу босого 350 миң доллар. Бул сумма коомдук компаниялардын акцияларына, эсептерге же мамлекеттик облигацияларга салынышы керек.   Мындай инвестициялар беш жылдык жашоого уруксат алууга мүмкүндүк берет.… Кененирээк…

Кара-Кеченин көмүрүн Бишкекте сатууга тыюу салынышы мүмкүн

Кара-Кеченин көмүрүн Бишкекте сатууга тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу 24 агенттигине энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.   Белгиленгендей, анын ордуна сырттан жогорку сапаттагы көмүр алып келүү пландалууда. Алдын ала маалыматка ылайык, бул Казакстандын кара отуну болот.   Чиновник буга чейин казакстандык жеткирүүчүлөр менен… Кененирээк…

Оштогу ресторандан чыккан ири өрт толук өчүрүлдү

Ош шаарында ресторандан чыккан ири өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өрттүн чыгып келүү себептери жана чыгымдары такталууда.   Белгилеп кетсек, буга чейин Ош шаарынын Алиев көчөсүндө жайгашкан ресторандан өрт чыккандыгы, саат 12:05те чектөөгө алынгандыгы… Кененирээк…

Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.   Мекеменин билдиришинче, туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу бүгүн, эртең республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.   Жарандарга сак болуу сунушталат.

Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт

7-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия кабарлады.   Маалыматка ылайык, саат 10дон кечки 6га чейин Көлбаев көчөсүндө (Лермонтов көчөсүнөн Валиханов көчөсүнө чейин), Аламүдүн-1 кичирайонунда, Куруучулар шаарчасында суу жок болот. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Калк, уюмдар ичүүчү сууну эртелеп камдап… Кененирээк…