Москвада Кыргызстандын Улуттук көргөзмөсү ачылды

5-февралдан 9-февралга чейин Москва шаарында өтүп жаткан эң ири эл аралык «ПродЭкспо-2024» аянтында Кыргызстандын Улуттук көргөзмөсү ачылды. ТИМден билдиришкендей, көргөзмө кыргыз-орус ишкерлер кеңеши тарабынан Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жана КР Соода-өнөр жай палатасынын Россиянын Борбордук Федералдык округундагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулган.   Кыргызстандын Улуттук көргөзмөсүндө экспортко… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Чек ара кызматынан билдиришкендей, 10-февралдан 12-февралга чейин “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттары ишин токтотот.   Бул чаралар Кытайда жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу.   Адамдар, унаалар жана жүктөрдү өткөрүү 13-февралдан тарта жанданат.

Бишкекте «Үмүт» эл аралык кино форуму өтөт

Бишкекте 29-марттан 1-апрелге чейин “Үмүт» эл аралык кино форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Бул жылы тасмаларды көрсөтүү кино адистери менен талкуу форматында өтөт. Анда Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн алдыңкы кинематография адистеринин эксперттик пикирлери, сунуштары… Кененирээк…

Бишкек менен Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болот

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына караганда, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот.   Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.   Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал… Кененирээк…

Бишкекте жаңы аялдамалардын болжолдуу долбоору бекиди

Ордо калаада жаңы аялдамалардын болжолдуу долбоору бекиди. “Бишкек башкы архитектура” ишканасынан билдиришкендей, аялдамалар кышкысын жылытуу, жайкысын муздатуу системасы менен жабдылат.   Ошондой эле коомдук транспорт каттамдары көрсөтүлгөн стенд болот.   Мындан тышкары, ар бир адам Wi-Fiга туташууга мүмкүнчүлүк алат. Маалым болгондой, жаңы аялдамаларды негизги көчөлөргө… Кененирээк…

Жумушсуз жаштарды ишке орноштуруунун жаңы механизми иштелип чыгат

Эмгек министрлиги жумушсуз жаштарды ишке орноштуруунун жаңы механизмин киргизет. Кеп стажировка жөнүндө болуп жатат, анын жүрүшүндө жашоо минимумунун өлчөмүндө эмгек акы берилет.   Практика профессионалдык билимди жана көндүмдөрдү иш жүзүндө бекемдөөгө жана алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүгө мүмкүндүк берет.   Мындан тышкары, зарыл болгон учурда жаштар эмгек… Кененирээк…

Баткенде 30 аял грант алып, ишкердик баштады

Баткендин Актатыр, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Сай айыл аймактарындагы 30 аял атайын окутуулардан өтүп, өз ишкердигин баштады. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аялдар тигүүчүлүк, малина өстүрүү, азык-түлүк дүкөнүн иштетүү, кондитердик азыктарды даярдоо, сүт азыктарын сатуу багытында бизнес менен алектенип жатышат.   Бул үчүн аларга “Аялдар тынчтык үчүн” долбоорунун… Кененирээк…

ЖЭБди калыбына келтирүү үчүн 700дөн ашык кызматкер иштеп жатат

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 700дөн ашык кызматкери менен 26 техника тартылды.   Маалыматка ылайык, ЖЭБдин имаратынын айланасын курулуш материалынын калдыктарынан тазалоо иши дээрлик аяктоо алдында турат. Учурда жалпы тартылган жумушчу топтун күчү ЖЭБдин… Кененирээк…

Уинстон Черчиллдин протези аукциондо 23 миң долларга сатылды

Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Уинстон Черчилль кийген протез аукциондо 23 миң долларга сатылды. Анын жасалма тиштери баштапкы баадан эки эсе кымбатка түштү.   Бул протезди Черчилль 1940-жылдын 4-июнунда «Биз пляждарда күрөшөбүз» деп сүйлөп жатканда кийген. Бул Черчиллдин өлкө Экинчи дүйнөлүк согушка кошулгандан берки Британ парламентиндеги… Кененирээк…

Ветеринардык кызмат 102 млн сомдон ашык каражатка вакцина сатып алат

Ветеринардык кызмат 102 млн сомдон ашык каражатка вакцина сатып алат. Айыл чарба министрлигине караштуу мекемеден билдиришкендей, бул боюнча тиешелүү тендер жарыяланды.   Маалыматка ылайык, вакцина шарп, чечек, күйдүргү, кара тумоо сыяктуу ооруларга каршы колдонулат.