Президент Садыр Жапаров “Аккула” жаңы ипподромунун курулушуна капсула салды

Президент Садыр Жапаров “Аккула” жаңы ипподромунун курулушуна капсула салды. Өлкө башчы администрациясынан билдиришкендей, объект Бишкектин батыш тарабында орун алат.   Жаңы ат майдан көк-бөрү оюндарында 10 миң көрүүчүгө ылайыкташса, башкы аренасы 20 миң орундуктан турат. Имаратта соода борбору, мейманкана, дүкөн, кафе жана башка объектилер каралат.

Садыр Жапаров Москвадагы терактыга байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров Москвадагы адамдардын өмүрүн алган терактыга байланыштуу РФ лидери Владимир Путинге телеграмма жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Өлкө башчы жеке өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан кырсыкта каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айткан. «Кылмышты кескин айыптап, аны менен күрөшүүгө багытталган… Кененирээк…

КМШда миграциялык мейкиндиктин жалпы концепциясы жаңыланат

КМШда Шериктештиктин миграциялык мейкиндигинин жалпы концепциясы жаңылана турганын «Парламенты СНГ» Телеграм каналы билдирди. Россиянын Мамлекеттик Думасында тегерек стол өтүп, анда концепцияга киргизиле турган өзгөрүүлөрдүн негизги багыттары сунушталган. Документ КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы тарабынан 2012-жылы кабыл алынган болчу. Тегерек столдун катышуучулары миграциялык тарыхы бар балдарды социалдык… Кененирээк…

“Талас” аэропортун оңдоо иштери толугу менен аяктады

“Талас” аэропортун оңдоо иштери толугу менен аяктады. “Манас” эл аралык аба майдандын маалыматына ылайык, жаңы курулган аэробекет саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алат.   Учуп-конуу залдары өзүнчө бөлүнгөн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жүргүнчүлөргө бардык шарттары менен жасалган. Ал ички каттамдарды тейлөөгө багытталган. Өткөн жылы сатып алынган Dash-8-400… Кененирээк…

Москвадагы терактыда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок

Москвадагы терактыда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесинде Кыргызстандын эки жараны тууралуу маалымат такталган жок.   Ведомство менен Кыргызстандын Москвадагы элчилиги каргашалуу окуяда жабыркагандар тууралуу маалыматты тактоо иштерин улантууда.   Кечээ, 22-мартта, “Крокус Сити Холл”… Кененирээк…

Бишкекте нөшөрлөгөн жаандан улам үйлөрдүн короосун суу каптады

Бишкекте нөшөрлөп жааган жаандан улам үйлөрдүн короосуна жана жер төлөсүнө суу толгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10:00дөр чамасында нөшөрлөп жаап жаткан жамгырдан улам Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндөгү 2 турак үйдүн короосун, 1 турак үйдүн жер төлөөсүн жана короосун суу… Кененирээк…

«Крокус Сити Холлдо» жабыркагандардын саны 145ке жетти

Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон кандуу кол салууда жабыркагандардын саны 145ке жетти, алардын сегизи балдар. Бул тууралуу Москва облусунун саламаттыкты сактоо мекемеси билдирди. Ооруканага түшкөндөрдүн расмий тизмеси жарыяланды. Ооруканага жаткырылган тогуз кишинин абалы оор.   Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 22-мартта болгон… Кененирээк…