Ысык-Көлдү булгагандарга айып пулду көбөйтүү каралууда

Ысык-Көлдөгү сууну жана айлана-чөйрөнү булгагандарга айып пулду көбөйтүү каралууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин бөлүм башчысы Таалай Далбаев билдирди.   Анын айтымында, айып пулдар эскирип, жаңыланууга муктаж. Тарифтер жакын арада кайра каралат.

Ленин округундагы шайлоодо жарандар өздөрүн тизмеден 30-августка чейин текшере алат

Бишкектин бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоодо жарандар өздөрүн тизмеден 30-августка чейин текшере алат.   БШКдан такташкандай, болжолдуу тизме “Тизме” порталында жайгаштырылган. Кандайдыр бир так эместиктер болсо, шайлоочулар арыз менен комиссияга кайрылууга укуктуу.   Добуш берүүнүн өзү 10-сентябрга белгиленген.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги дата-борбор курат

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Мамлекеттик маалыматтарды иштеп чыгуу борборун курууну көздөп жатат.   Мекеме объектинин долбооруна сынак жарыялады. Бул максаттарга 84 миллион сомдон ашык каражат жумшоо пландалууда.   Техникалык тапшырмада дата-борбор маалыматты коопсуз сактоо, иштетүү жана берүү үчүн түзүлүп жатканы айтылат.

Кыргызстандагы 400дөн ашуун айылда ичүүчү таза суу жок

Кыргызстандагы 400дөн ашуун айылда ичүүчү таза суу жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин бөлүм башчысы Таалай Далбаев билдирди.   Анын айтымында, конуштарды 2026-жылга чейин суу ресурстары менен камсыздоо пландалууда.   Учурда зарыл жерлерде суу проводдору курулуп жатат.

Эми бардык жарандар Ысык-Көлдүн пляждарына эркин кире алат

Эми бардык жарандар Ысык-Көлдүн пляждарына эркин кире алат. Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгына өзгөртүү киргизди.   Жаңы жарлык көлдөгү кум жээктерге бардык жарандардын ээн-эркин киришин камсыздоо үчүн чыгарылган. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө… Кененирээк…

Майлуу-Суу лампа заводу айнек идиштерди жана бөтөлкөлөрдү чыгара баштайт

Майлуу-Суу лампа заводу айнек идиштерди жана бөтөлкөлөрдү чыгара баштайт.   Буга чейин ата мекендик өндүрүшчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Каржы министрлиги комбинатка 1 млрд сом бөлгөн. Бул каражатка ишкана айнек идиштерин чыгаруучу жабдууларды сатып алат, ошондой эле айнек эритүүчү мешти оңдойт.   Эске салсак, Майлуу-Суу… Кененирээк…

Кыргызстанда унааларды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирет

1-сентябрдан тарта Кыргызстанда унааларды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирет. Бул тууралуу президенттик аппараттын санариптештирүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев билдирди. Анын айтымында, сатып алуу-сатуу иштерин аймактык унааларды каттоо бөлүмдөрүнө кайрылбастан, банк аркылуу жүргүзсө болот.   Долбоор бир жылга эсептелген. Эгер ал ийгиликтүү болуп калса,… Кененирээк…

1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 413 сомду түзөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 413 сомду түзөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.   Ал пенсияны 38 пайызга жогорулатуу сунушталып жатканын эске салды.   Белгиленгендей, жогорулатуунун суммасы 500 сомдон кем болбошу керек. Бирок ар бир пенсионерде пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү… Кененирээк…

Нарын — Баетов унаа жолун оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Мамлекеттик маанидеги Нарын — Баетов унаа жолун оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Учурда жер иштери жүрүп, жол кеңейтилип, асфальт төшөөгө даярдалып жатат.   Нарын — Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Быйыл анын 36 чакырымын оңдоо… Кененирээк…

Быйыл Жалал-Абадда 20 мектеп ачылат

Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 36 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, быйыл жыл аягына чейин курулуп жаткан мектептердин жыйырмасы пайдаланууга берилет.