БШК Ленин округу боюнча Жогорку Кеңеш депутатын шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты

БШК Ленн округу боюнча Жогорку Кеңеш депутатын шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Чечим комиссия отурумунда кабыл алынды.   Белгилеп кетсек,      28-майда өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен лидерликке жеткен талапкер добуштарды сатып алууга шектелгендиктен, жыйынтык жокко чыгарылды.   Андан кийинки каттоодо турган талапкер дагы шайлоо фондунан тышкары… Кененирээк…

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эртең убактылуу чектелет

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эртең убактылуу чектелет.   Кеп, анын Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат. Мэриядан билдиришкендей, 18-июнда бул жерде КМШ өлкөлөрүнүн катышуучулары арасында заманбап бий боюнча дүйнө чемпионатына тандоо туру өтөт. Чектөөлөр күндүзгү саат 4төн түнкү 11ге чейин күчүндө… Кененирээк…

Кыргызстандыктар жыл башынан бери унааны 11 эсе көп сатты

Кыргызстандыктар жыл башынан бери унааны 11 эсе көп сатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 4 айда сыртка 2 миң 741 машина чыгарылган, ал эми өткөн жылы сатылган унаалардын саны болгону 266 болчу.   Экспорттолгон машиналардын көбүн Казакстан жана Россия жарандары сатып алган.

Россияда өлкөнүн жарандыгын алууга укугу бар чет элдик кесип ээлеринин тизмеси кеңейтилди

Россияда өлкөнүн жарандыгын алууга укугу бар чет элдик кесип ээлеринин тизмеси кеңейтилди. Тийиштүү документти аталган өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги бекиткен.   Тизмеде куруучулар, медицина кызматкерлери, агрономдор, педагогдор, журналисттер, инженерлер жана башка көптөгөн кесип ээлери бар. Жалпысынан 14 бөлүмдө 203 адистик камтылган.   Эске… Кененирээк…

Ош – Тамчы – Ош аба каттамы 30-июндан тарта кое берилет

Ош – Тамчы – Ош аба каттамы 30-июндан тарта кое берилет.   “Манас” эл аралык аэропорттун маалыматына ылайык, аталган багыт боюнча рейстер ата-мекендик авиа компания тарабынан жумасына 6 ирет – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.   Каттам туристтик болуп, 31-августка чейин… Кененирээк…

Нигерияда ашпозчу өзгөчө рекорд орнотту

Нигерияда ашпозчу өзгөчө рекорд орнотту. Аял 93 саат 11 мүнөт бою тамак даярдады. Жалпысынан ал ашканада 4 күн өткөрдү. Бул убакыт ичинде ал 100 мискей тамак бышырганы жетишти, көбү нигериянын улуттук тамак-ашы болчу.   Эреже боюнча аялга бир адам жардам берип атты жана бир саатта… Кененирээк…

Кыргызстандын “Элкарт” улуттук төлөм картасы Россияда иштеши мүмкүн

Кыргызстандын “Элкарт” улуттук төлөм картасы Россияда иштеши мүмкүн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Эске салсак, “Элкарт” – Кыргызстанда эң көп колдонулган төлөм картасы экени айтылып келет.   Өткөн жылга карата расмий маалымат боюнча, биздин өлкөдө жалпысынан  4 миллион 300 миң карта… Кененирээк…

Баткен облусунда тажик тараптын куралдуу кол салуусунда талкаланган 416 үйдүн курулушу жыйынтыкталды

Баткен облусунда тажик тараптын куралдуу кол салуусунда талкаланган 416 үйдүн курулушу жыйынтыкталды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, дагы бир обьекттин курулушу 2  күндө жыйынтыкталат, ал Ак-Сай айылында жайгашат.   Жалпысынан республикалык бюджеттен курулуш иштерине   1 миллиард сомдон ашык бөлүнгөн.

Баткен жана Лейлек райондорунда ипотекалык шартта бериле турган 49 үй курулат

Баткен жана Лейлек райондорунда ипотекалык шартта бериле турган 49 үй курулат. Бул боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниясы, Баткен облустук курулуш жана инженердин инфраструктура башкармалыгы менен Ак-Сай айыл аймагы кол койду.   Турак жайлардын жери 12 сотыхтан болот. 20 турак үй Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагына, 29у… Кененирээк…

COVID-19дан келтирилген экономикалык зыян 14 триллион долларга жетти

COVID-19дан келтирилген экономикалык зыян 14 триллион долларга жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Россиядагы өкүлү Мелита Вуйнович билдирди.   Анын айтымында, пандемия учурунда көп жоготуулар болду, башкысы – мамлекеттердин өнүгүүсү кыйла жайлап калды.   Алсак, 2019-жылга чейин өлкөлөрдүн көбү кедейликти жоюуга, билим берүү тармагын… Кененирээк…