Кыргызстанда жакынкы арада 17 өнөр-жай долбоору ишке кирет

Кыргызстанда жакынкы арада 17 өнөр-жай долбоору ишке кирет.   Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди. Анын айтымында, биринчи кезекте машина куруу ишканасы турат.   Ал ушул жылдын март айында ишке кирет деп пландалууда. Андан тышкары, модернизациялоо иштеринен кийин “Жунда” мунайды кайра иштетүү… Кененирээк…

“Тазалык” муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

“Тазалык” муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Шаар көчөлөрүн кардан тазалоого 44 атайын техника жана 700дөн ашык кызматкер тартылды.   Эртеден бери көчөлөргө, жолдорго жана тротуарларга техникалык туз жана кум себилүүдө. Жарандарга этият болуп, унааларды бак-дарактардын алдына токтотпоо сунушталат. Ал эми айдоочулар авариялык абалдарды жаратпаш… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга унаа менен Казакстан жана Россияга барбай туруу сунушталат

Кыргызстандыктарга унаа менен Казакстан жана Россияга барбай туруу сунушталат. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул коңшу өлкөдө аба-ырайынын шарттары катаалдашканына байланыштуу.   Учурда Казакстандын  16 облусунда республикалык маанидеги 100дөй унаа жолу жабык.  Тышкы иштер министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын бөлүмдөрү абалды көзөмөлдөөнү улантууда.

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга тез жардам унааларын сатып алууга каражат бөлүп берет

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга тез жардам унааларын сатып алууга каражат бөлүп берет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө грант түрүндө 3 миллион доллар алат.   Бул суммага  120 даана техника сатып алуу пландалууда. Белгилеп кетсек, бул Кыргызстанда ыкчам медициналык жардам системасын жакшыртууга чоң… Кененирээк…

Кыргызстанда 10 миңге жакын бала интернатта тарбияланат

Кыргызстандагы интернат тибиндеги социалдык мекемелерде 9 973 бала бар. Бул маалыматты эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова 16-февралда Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйынында сүйлөп жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, өлкөдө балдардын 137 интернат тибиндеги социалдык мекемеси бар. Анын 69у… Кененирээк…

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов дүйнөнүн мыкты суучулдарынын ондугуна кирди

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов дүйнөнүн мыкты суучулдарынын ондугуна кирди. Суудагы спорттун түрү боюнча Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионтта спортчу 200 метр аралыкты сүзүп өтүү боюнча жарышка катышты.   34 спортчунун ичинен Петрашов 2 мүнөт 12 секундда сүзүп келип, жарым финалга өткөн. Анда 2 мүнөт 10… Кененирээк…

Кыргызстанда инвестиция тартуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү

Кыргызстанда инвестиция тартуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.   Аталган эксперттик-жумушчу топтун курамына Президент администрациясынын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле “Манас” эл аралык аэропортунун, “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын, Эл аралык ишкерлер кеңешинин өкүлдөрү кирет.

Бишкек – Алматы унаа жолу убактылуу жабылды

Бишкек – Алматы унаа жолу убактылуу жабылды.   Бул аба-ырайынын шарттарына ылайык, “Кордай” ашуусу чектелгенине байланыштуу, — деп билдиришти Чек ара кызматынан. Андан такташкандай, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү түйүндөрү штаттык режимде иштеп жатат.   Алыскы сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга аба-ырайынын божомолун карап, зарылчылык жок… Кененирээк…

Аймактардагы мектептер суукка байланыштуу сабактарды кыскартуу боюнча чечимди өз алдынча кабыл алат

Аймактардагы мектептер суукка байланыштуу сабактарды кыскартуу боюнча чечимди өз алдынча кабыл алат.   Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Чечимди мектеп жетекчилиги имараттагы температурага карап кабыл алышы керек.   Эске салсак, Бишкекте бүгүн жана   19-20-февралда окуу кыскартылып, сабактар 30 мүнөттөн өткөрүлөт.

Бишкекте аба-ырайынын катаал шарттарынан улам электр тармактарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Бишкекте аба-ырайынын катаал шарттарынан улам электр тармактарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Улуттук электр тармактары компаниясынан билдиришкендей, райондордо 40 ыкчам бригадалар иштеп, атайын техника даярдалды.   Ошондой эле адистердин нөөмөтү уюштурулду. Электр энергиясын берүүдө маселелер жаралса жарандар 1209 кыска номерине байланышса болот.   Авариялык өчүрүүлөр… Кененирээк…