Муфтийдин кызмат ордуна сынак жарыяланды

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан муфтийдин кызмат ордуна сынак жарыялангандыгын билдиришти. Талапкерлер 2024-жылдын 27-январынан 6-февралына (саат 17:00гө чейин) чейин документтерди тапшырышы керек. Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси, 264/3. Муфтияттын имараты (2-кабат, 11-бөлмө).   Муфтийдин кызмат ордуна сынак жарыялангандыгына байланыштуу ушул жылдын 10-февралында Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз курултайы… Кененирээк…

Бишкекте №46 автобус каттамы жабылат

Бишкекте эртең, 27-январдан тарта №46 автобус каттамы жабылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында кабыл алынды.   Белгиленгендей, жаңы маршруттук каттамдардын ачылышына жана айрым каттамдардын кыймыл схемасынын өзгөрүшүнө байланыштуу №46 каттамда жүргүнчүлөрдүн агымы кескин кыскарып, өз чыгымдарын жаба албай калган.

Батир сатып алууда объекттин мыйзамдуулугун онлайн текшерсе болот

Эми кыргызстандыктар батир сатып алууда курулуп жаткан объектинин мыйзамдуулугун онлайн текшере алат. Бул боюнча электрондук реестр ишке киргенин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Андан ар бир колдонуучу курулуш объектиси жөнүндө маалыматты эркин ала алат.   Тиешелүү портал ведомствонун расмий сайтында жайгаштырылган.

Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Тажикстанда жолугушту

Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү. Өкмөттөн маалым болгондой, алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулады.   Белгиленгендей, тараптар эки чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын… Кененирээк…

Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды. Маалыматты Ички иштер министрлиги тастыктады.   Билдирүүдө ал Кылмыш жаза кодексинин 169-беренесинин 2 жана 3-пункттары боюнча айыпталып жатканы айтылат.   Матраимовдун кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматы барлар төмөнкү номерлер аркылуу кабар берсе болот — 0312 26-62-61,… Кененирээк…

Кыргызстандын Социалдык фонду ЕАЭБдин 58 жаранына пенсия дайындады

Кыргызстандын Социалдык фонду ЕАЭБдин 58 жаранына пенсия дайындады. Ведомство 2021-жылдын 1-январынан тарта Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө эмгектенгендерди пенсия менен камсыз кылуу келишими күчүнө киргенин эскертет.   Документке ылайык, жумушчулар — ЕАЭБдин башка мамлекетинин аймагында иштеген же башка ишмердүүлүк менен байланыштуу пенсиялык укугу бар же… Кененирээк…

Бишкекте жаңы перинаталдык борбор ачылды

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда перинаталдык борбор ачылды. Саламаттык сактоо министрлиги борбор дүйнөлүк стандарттарды эске алуу менен курулуп, заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын билдирди.   Маалыматка ылайык, объект 203 койкага ылайыкташкан. Курулуш иштери Германия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн.   Бул жерде… Кененирээк…

Энергетика министрлиги кытайлык компания менен меморандумга кол койду

Энергетика министрлиги кытайлык компания менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Анын алкагында Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадын жана Кара-Кече жылуулук станциясын куруу пландалууда.   ГЭСтин каскады жалпы кубаттуулугу 1 миң 305 мегаватт болгон үч гидроэлектростанциядан турат. Нарын облусунда жайгашкан Кара-Кече жылуулук станциясынын долбоордук… Кененирээк…

Бишкекке дагы 124 жаңы автобус келди

Бишкекке дагы 124 жаңы автобус келди. Мэриядан билдиришкендей, бул техникалар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан каржыланган “Жашыл шаарлар” программасынын “Бишкек автобустары” долбоорунун алкагында ишке ашты.   Долбоорду колдоого Япония өкмөтү да грант бөлгөн.   Узундугу 10,5 метр болгон автобустар газ менен жүрөт.

Замир Ракиев Кыргызстандын муфтийи кызматынан кетти

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Замир Ракиев кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзү Имам Сарахси атындагы мечитте жума намаздын алдында билдирди. Азырынча муфтийдин эмне себептен кызматтан кеткени белгисиз.   Анын ордуна орун басары Самидин Атабаев муфтийдин милдетин аткаруучу болуп бекиди.   Эске салсак, Ракиев Кыргызстандын… Кененирээк…