«Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды

Кыргызстанда “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Сынакка дүйнөдөгү мыкты 100 университеттин тизмесине кирген жогорку окуу жайына академиялык окууга кабыл алынгандыгын тастыктаган жарандар катыша алат.   Документтерди онлайн кабыл алуу 30-майга чейин жүргүзүлөт.… Кененирээк…

Милиция бүгүнтөн тарта күчөтүлгөн тартипте иштейт

Май майрамдарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 10-майга чейин алар жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздайт.   Ага ылайык, мекеменин борбордук аппаратында өздүк курамдын кызматка даярдыгы текшерилди.

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттайт

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттайт. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, эми калк үчүн бир киловатт-саат 11 тыйынга жогорулап, 1 сом 11 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан жогору колдонулган учурда 2 сом 39 тыйын болот. Аз камсыздалган үй-бүлөлөр үчүн 5 тыйынга кымбаттап, 55 тыйынга чыгат.   Ал… Кененирээк…

Чоң-Алайда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

Чоң-Алай районунун жалпы дарыгердик практика борборунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы жана жаңы рентген кабинети ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.   Белгиленгендей, жаңы рентген кабинетинин курулушу Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, дарыкана имараты демөөрчүлөрдүн каражатына курулган.