Telegram мессенжеринде  stories функциясы эми бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот

Telegram мессенжеринде  stories функциясы эми бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот. Бул тууралуу анын негиздөөчүсү Павел Дуров жарыялады. Мындай мүмкүнчүлүк тиркеменин 10 жылдыгына карата берилди.   Учурда аталган мессенжерди 800 миллиондон ашык адам колдонот. Белгилеп кетсек, буга чейин stories функциясы премиум катталуучуларга гана жеткиликтүү болчу.

Бишкекте балдарын 1-класска берүү үчүн электрондук каттоодон өтүүдө маселе жаралган ата-энелердин арызын атайын комиссия карайт

Бишкекте балдарын 1-класска берүү үчүн электрондук каттоодон өтүүдө маселе жаралган ата-энелердин арызын атайын комиссия карайт.   Мэриянын маалыматына ылайык, курамында билим берүү борборунун, акимчиликтердин, социалдык өнүгүү башкармалыгынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жарандык сектордун өкүлдөрү бар.   Алар ата-энелерден түшкөн 1 миңден ашык арызды карап, тиешелүү… Кененирээк…

Британиялык окумуштуулар аялдар үчүн жалгыздык пайдалуу деп жарыялашты

Британиялык окумуштуулар аялдар үчүн жалгыздык пайдалуу деп жарыялашты. Адистердин айтымында, күйөөсү жана балдары жок айымдар бактылуураак жана узак өмүр сүрөт.   Ал эми үй-бүлөсү бар аялдардын арасында психикалык жана башка ооруларга чалдыгып, жашоосуна нааразы болгондор көбүрөөк. Ал эми эркектер тууралуу айта турган болсок, үй-бүлөлүү мырзалардын… Кененирээк…

Бишкектин конуштарында жаңы эки бала бакча пайда болот

Бишкектин конуштарында жаңы эки бала бакча пайда болот. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, алардын бири Дордой конушунда жайгашып, 140 бөбөккө чакталат.   Учурда курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, көрктөндүрүү жана айланасын жашылдандыруу жумуштары жүрүүдө. Дагы бир мектепке чейинки билим берүү мекемеси Келечек конушуда жайгашып, 100 балага эсептелет.

“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы жаңы техника менен толукталды

“Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы 7 жаңы заманбап атайын техникалуу болду. Алар жергиликтүү бюджеттин жана ишкананын өздүк каражатынын эсебинен сатып алынган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.   Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов атайын техникалар менен жабдууларды тапшырып, техникалар ишкананын өндүрүштүк-техникалык… Кененирээк…

Бишкекте дагы 23 көчөнүн тротуары капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Тизме

Бишкекте көчөлөрдүн дагы 23 бөлүгүндө тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин баштоо пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.   Маалым болгондой, шаар мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен 2023-жылга карата тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмесине борбордук дагы 23 көчөсү кошулду.   Бүгүнкү күндө эски асфальтын сыйруу иштери… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгү 16-августта суусуз калат

16-август күнү Бишкектин бир бөлүгү суусуз кала турганын мэрия билдирди. Саат 10:00дөн 18:00гө чейин Месарош, Фучик, Профсоюз көчөлөрү менен Дэн Сяопин проспектинин чектешкен аймагына суу берилбейт. Мындай жагдай Тверь көчөсүндөгү абоненттерди жаңы суу түтүк линиясына кошуу аракетинен улам жаралууда. «Бишкек суу канал» келтирилген ыңгайсыздык үчүн… Кененирээк…

Өзбекстандык аял күйөөсүнө өзгөчө белек берем деп полицияга чакырылды

Өзбекстандык аял күйөөсүнө өзгөчө белек берем деп полицияга чакырылды. Той учурунда ал сүйүктүүсүнө экинчи жубай белек кылды. Мындай адаттан тыш белек чоң кутуга салынып, бант оролгон, ал эми кыз колукту көйнөгүн кийип алган.   Күйөөсү аялынан мындай белек күтпөсө дагы, кубанычын жашыра алган жок. Ал… Кененирээк…

Кыргызстанда бал челектерди идентификациядан өткөрүү уланууда

Кыргызстанда бал челектерди идентификациядан өткөрүү уланууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 1 миң 282 аары чарбасында 84 миңдей бал челек каттоодон өттү.   Анын 81 миңи Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына киргизилди. Кыргызстандан бал негизинен АКШ, Кытай, Катар, Япония, Германия, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея,… Кененирээк…

Кыймылсыз мүлк, транспорт жана жер тилкесине салык төлөө үчүн 2 жума калды

Кыймылсыз мүлк, транспорт жана жер тилкесине салык төлөө үчүн 2 жума калды. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, мөөнөт 1-сентябрда аяктайт.   Буга байланыштуу, ведомство жарандарды акыркы күнгө калтырбай, эртелеп салыктарды төлөөгө чакырат. Эске салсак, августтун аягына чейин транспорт каражатына, жеке турак-жайларга, батирлерге жана жерге салык… Кененирээк…