Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаңы мектеп ачылды
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаңы мектеп ачылды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, объект Бешик-Жоон айылында жайгашат. Билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталат. Мектепте бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.