Кыргызстанга Азербайжандын президенти Илхам Алиев келди

Кыргызстанга Азербайжандын президенти Илхам Алиев келди. Аны «Манас» аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Алиев КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын эртеңки саммитине катышат. Иш-чаранын жүрүшүндө КМШ мамлекеттеринин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө, ошондой эле чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынмакчы.

Кыргызстанда доллардын курсу 89 сомдон ашты

Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын курсун расмий түрдө 89,17 сомго көтөрдү. Буга чейин доллардын курсу 88,92 сом деңгээлинде кармалып турган.   Учурда коммерциялык банктарда доллардын курсу 1 доллар үчүн 89,22 сомду түзүүдө.

Россия Кыргызстандын күйүүчү майга болгон керектөөсүн камсыздайт

Россия президенти Владимир Путин расмий сапарынын жыйынтыгын чыгарып жатып РФ Кыргызстанга күйүүчү май жеткирген негизги мамлекет экенин айтып, өлкөнүн бензин менен дизелге болгон керектөөсүн Россия толугу менен камсыздап келе жатканына токтолду. «Былтыр 1,2 тонна күйүүчү май экспорттогонбуз, быйыл да ошончо көлөмдө жөнөтүлөт. Өзгөчө белгилеп кетейин,… Кененирээк…

Бишкекте акылдуу светофорлор пайда болот

Бишкекте акылдуу светофорлор пайда болот. Долбоор тууралуу кененирээк Бул тууралуу “Жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ренат Султанмамытов билдирди.   “Негизи бул автоматташтырылган жол башкаруу системасы деп аталат. Жол бөлүктөрүндө канча автоунаа саатына, күнүнө жүрүп турганын анализин чыгарып, электрондук моделирование кылып, тилкени өзгөртүү, тилкеде жүрүшүн өзгөртүү,… Кененирээк…

Нарын облусунда жаңы мектеп курулду

Нарын облусунда жаңы мектеп курулду.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси Кочкор районунун Ак-Кыя айылында жайгашат.   Имарат 150 орунга чакталат. Бул жерде окуу класстарынан тышкары, химия, физика, биология сабактары үчүн атайын жабдылган лабораториялар дагы бар. Андан тышкары, китепкана,… Кененирээк…

Садыр Жапаров менен Россия президенти Владимир Путиндин жолугушуусунун жыйынтыгында 6 документке кол коюлду

Садыр Жапаров менен Россия президенти Владимир Путиндин жолугушуусунун жыйынтыгында 6 документке кол коюлду.   Өлкө башчы администрациясынан билдиришкендей, макулдашуулар айыл чарба, билим берүү, юстиция, айлана чөйрөнү коргоо жана биологиялык коопсуздук тармактарына тиешелүү.   Белгилеп кетсек, Россия президенти Владимир Путин расмий сапар менен Кыргызстанга бүгүн келди.… Кененирээк…

WhatsApp тиркемесинде кезектеги жаңы функция

WhatsApp тиркемесинде кезектеги жаңы функция.   Анын жардамы менен колдонуучулар каалаган чатты атайын сыр сөз менен бекитип кое алат. Бул учурда тиркеме ачык болсо дагы, үчүнчү жактар чатты көрө албайт.   Жаңычылдык учурда тестирлөөдөн өтүп жатат. Андан кийин функция Android жана iOS платформаларында жеткиликтүү болот.

Бишкектин коомдук транспортунда накталай төлөгөндө жол кире 30 сомду түзүшү мүмкүн

Бишкектин коомдук транспортунда накталай төлөгөндө жол кире 30 сомду түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу шаардык кеңештин отурумунда вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.   Анын айтымында, шаар тургундарын накталай эмес төлөм системасына толугу менен өткөрүү үчүн дифференцияланган тариф киргизүү пландалууда. Ага ылайык, тулпар картасы менен жол кире 11… Кененирээк…

Кыргызстан жыл башынан бери мамлекеттик карызды тейлөөгө 31 миллиард   200 миллион сом жумшады

Кыргызстан жыл башынан бери мамлекеттик карызды тейлөөгө 31 миллиард   200 миллион сом жумшады. Бул тууралуу Каржы министрлигини маалымдайт.   Ведомстводон такташкандай, январь айынан сентябрга чейин 22,5 миллиард сом тышкы бересени тейлөөгө багытталса, 8 миллиард 700 миллион сом ички карыздарга төлөнгөн.

Бишкектин башкы архитектору Карыбаев үй камагына чыкты

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаевдин бөгөт чарасы өзгөрүп, 10-октябрда үй камагына чыкканы белгилүү болду. Маалыматта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” 12-октябрда ырастады.   Соттун чечимине ылайык, ал 4-декабрга чейин үй камагында болот.   Буга чейин райондук сот Карыбаевдин бөгөт чарасын 6-октябрда… Кененирээк…