Кыргызстанда бир катар айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталууда

Кыргызстанда бир катар айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталууда. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Ага ылайык, Аксы районундагы Таштак айылын Малкалды деп, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагын Дайракунов деп, Айтматов районунун Куру-Маймак айылын Сатыкей деп, Таластагы Новодонецкини Айтматов, Покровка айылын Семетей, Таластагы Козучак айылын Жонкороз-Олуя, Кеминдеги… Кененирээк…

Бишкекте КМШ парламент аралык ассамблеясы учурунда коомдук коопсуздукту 2 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

Бишкекте КМШ парламент аралык ассамблеясы учурунда коомдук коопсуздукту 2 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу ордо калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.   Делегациялар келген учурда “Манас” аэропортуна барчу жол, борбордук көчөлөр тосулат. Эске салсак, КМШ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясы Бишкекте эртең жана бүрсүгүнү өтөт.

Нью-Йоркто аукцион тарыхындагы эң кымбат Ferrari сатылды

Нью-Йоркто аукцион тарыхындагы эң кымбат Ferrari сатылды. 62-жылкы легендарлуу GTO үлгүсү дээрлик 52 миллион долларга кетти. Сатып алуучунун аты-жөнү ачыкталбайт.   Мындай суперкарлардын 36 даанасы чыгарылган, алар атайын жарыш үчүн өндүрүлгөн. Унаа жарыштарда катары менен жеңишке жеткени менен атагы чыгып, эң мыкты Ferrari деген аталышка… Кененирээк…

Бишкекте вакансиялар жарманкеси өтөт

Бишкекте вакансиялар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу ордо калаанын иш менен камсыз кылуу башкармалыгынан билдиришти. Иш-чара 29-ноябрда филармонияда уюштурулат.   Жумуш издөөчүлөргө Бишкектин 70тен ашык алдыңкы компаниялары  6 миңдей вакансия сунуштайт. Катышуучулар ошондой эле ылайыктуу кесипти аныктоого мүмкүнчүлүк берген тестирлөөдөн өтүп, акысыз курстар жөнүндө маалымат ала… Кененирээк…

“Деңиздердин иконасы” круиздик лайнери дүйнөдөгү эң чоң деп аталып, легендарлуу “Титаниктен” 5 эсе ашып өтөт

“Деңиздердин иконасы” круиздик лайнери дүйнөдөгү эң чоң деп аталып, легендарлуу “Титаниктен” 5 эсе ашып өтөт. Бир учурда 5 миң жүргүнчүнү батырган кеме келе жаткан жылдын январь айында сууга кое берилет.   Лайнердин башкы сыймыгы – ичинде эбегейсиз көлөмдөгү аквапарктын болушу. Анда бир нече бассейндер, суу… Кененирээк…

“Тазалык” муниципалдык ишканасы 530 жаңы контейнер сатып алды

“Тазалык” муниципалдык ишканасы 530 жаңы контейнер сатып алды.   Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, шаардын төрт районуна 82 контейнер таратылып, ар бири ар башка түскө боёлот.   Калган 202 жаңы контейнер башка аймактар арасында бөлүштүрүлөт. Белгилеп кетсек, ордо калаада таштанды үчүн… Кененирээк…

Ордо калаанын Ак-Өргө конушунда тез жардам кызматынын жаңы станциясы ачылды

Ордо калаанын Ак-Өргө конушунда тез жардам кызматынын жаңы станциясы ачылды.   24 агенттигине Ыкчам медицина борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов билдиргендей, анда күнү-түнү 4 бригада нөөмөт жүргүзөт.   Жаңы станция Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы бардык конуштарды тейлейт. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан станцияга 4 жаңы тез жардам унаасы,… Кененирээк…

АКШда катасы бар почта маркасы аукциондо сатылды

АКШда катасы бар почта маркасы аукциондо сатылды. Лот рекорддук делген 2 миллион долларга кетти. Аны 76 жаштагы коллекционер Чарльз Хак сатып алды. 1918-жылкы марканын бетинде почта бипланы чагылдырылган.   Аны басып чыгарууда типографиялык ката кетирилген. Ал аныкталганга чейин 100 марка чыгарылып калган.   Учурунда 24… Кененирээк…

Кочкор районунда жаңы мектеп пайда болот

Кочкор районунда жаңы мектеп пайда болот. Бул тууралуу президенттин облус аймагындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Имарат 275 окуучуга чакталып, Кара-Тоо айылында жайгашат.   Социалдык объект жыл аягына чейин курулуп бүтөт деп пландалууда. Учурда объекттеги иштер дээрлик 90 пайызга аяктап калды. Курулушка 65 миллион сом республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Бишкектен түштүк аймактарга бүгүн аткарыла турган аба каттамдар токтотулду

Бишкектен түштүк аймактарга бүгүн аткарыла турган аба каттамдар токтотулду. “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Баткен жана Разаков шаарларына рейстер такыр жокко чыгарылса, Жалал-Абадга жөнөй турган учактардын убактысы жылдырылды.   Себеби – аба-ырайынын начар шарттары жана катуу шамал. Компаниядан белгилешкендей, күтүүгө аргасыз болгон жүргүнчүлөр… Кененирээк…