Бразилиялык футболчу Неймар дагы Сауд Арабиянын “Аль Хиляль” клубуна өттү

Бразилиялык футболчу Неймар дагы Сауд Арабиянын “Аль Хиляль” клубуна өттү. Бул тууралуу ал өзү бүгүн жар салды. LʼEquipe басылмасы жазгандай, Неймардын айлыгы жаңы клубда жылына 80 миллион еврону түзөт.   Эске салсак, Неймар “Барселонадан” ПСЖга 2017-жылы рекорддук 222 миллион еврого өткөн. Сауд арабиялык клубдарга буга… Кененирээк…

Өлкөдө баш кошкондордун саны азайды

Өлкөдө баш кошкондордун саны азайды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда жарым жылдын ичинде 19 миң жуп расмий түрдө үй-бүлө курду.   Бул 2022-жылга салыштырмалуу 2 миң 687ге аз. Биринчи жарым жылдыкта борбор калаабыздын Бакыт өргөөсүндөгү баш кошкон эң популярдуу күн катары – 23.03.23 болду. Бул… Кененирээк…

Кыргызстанда азык-түлүк дефицити быйыл болбойт

Кыргызстанда азык-түлүк дефицити быйыл болбойт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, биздин өлкөдө үстүбүздөгү жылы  9 социалдык маанилүү азык боюнча эсептөө көрсөткүчү 2022-жылга салыштырмалуу жогору болушу күтүлөт.   Эске салсак, социалдык маанилүү азыктардын тизмесине ун, нан, сүт, өсүмдүк майы, эт, кумшекер, күрүч жана чай кирет.

Кубанын Гавана шаарында бамбуктан экологиялык таза велосипеддер пайда болду

Кубанын Гавана шаарында бамбуктан экологиялык таза велосипеддер пайда болду. Мындай транспортту жергиликтүү чеберлер жасоодо. Ал эми велоспиед үчүн кыйылган бир бамбуктун ордуна 10 түп отургузулуп жатат.   Бамбук суткасына 75 сантиметр өсө турганын эске алганда, өндүрүш жергиликтүү флорага такыр зыян тийгизбейт. Эми каалоочуларга аталган өсүмдүктөн… Кененирээк…

Түркиянын түштүгүндөгү Хатай шаарында температуралык рекорд катталды

Түркиянын түштүгүндөгү Хатай шаарында температуралык рекорд катталды. Бул жерде аба табы 50 градуска чейин ысыды. Буга чейинки рекорд 2021-жылдын 20-июлунда Ширнак шаарында катталган – 49 градус.   Негизинен аптаптуу ысык Түркиянын 4 аймагында болуп жатат – Адана, Мерсин, Хатай Османиеде.

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат. Министрлер кабинетинен белгилешкендей, быйыл билим күнүн жылдыруу пландалган жок. Эске салсак,  1-сентябрь бул жылы жума күнгө туура келет.   Ал эми бейшемби, 31-августта өлкөдө эс алуу жарыяланат. Кыргызстандыктар Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгын белгилейт.   Өлкөнүн бардык мектептеринде 1-сентябрда Билим күнү… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкүгө каршы галерея жарым жартылай ишке берилди

Бишкек – Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкүгө каршы галерея жарым жартылай ишке берилди.   Жаңы туннель аркылуу унаалар өткөрүлүп, эски айланма жолду жабуу жумуштары жүргүзүлүп жатат, — дешти Унаа жана жолдор министрлигинен.   Эске салсак, галереянын бийиктиги 8,6 метр болсо, кеңдиги   10,5 метрди түзөт.… Кененирээк…

Жыл башынан бери калкка социалдык колдоо катары 9,5 миллиард сом бөлүндү

Жыл башынан бери калкка социалдык колдоо катары 9,5 миллиард сом бөлүндү.   Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражат аз камсыздалган үй-бүлөлөргө пособие катары, социалдык жөлөк пул, бала төрөлгөндө бир жолку сүйүнчү акы катары жана башка бир катар максаттарда берилген.   Ошондой эле, каржылык колдоо компенсация берүүгө,… Кененирээк…

Америкалык эки турист Эйфель мунарасында уктап жаткан жеринен табылды

Кечээ америкалык эки турист Эйфель мунарасында уктап жаткан жеринен табылды. Алар мас болуп калып чыгууга жол таба албай калышкан.   Америкалыктар түндү имараттын экинчи жана үчүнчү кабаттарынын ортосунда, эл үчүн ачык эмес жерде өткөрүшкөн жана өздөрүн тынч алып жүрүшкөн. Алар эч кимге эч кандай коркунуч… Кененирээк…

Мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары дээрлик эки эсе кыскарды

Июнь айында мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары дээрлик эки эсе кыскарды. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.   Трансферттердин суммасы 163,5 миллион долларды түздү (өткөн жылдын ушул эле мезгилинде сумма 300 миллион доллардан ашык болчу).   Каражаттын негизги бөлүгү же 91 пайызга жакыны дагы эле… Кененирээк…