Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 90 млн сомдон ашык чогулду

Жер титирөөдөн жабыркаган түркиялыктар үчүн ачылган атайын эсепке 90 миллион 780,3 миң сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Мындан тышкары 15 миң 250 рубль жана 66,67 доллар которулган. Кыргызстанда каражат чогултуу уланууда.

Пиязды сыртка сатууга салынган чектөө алынды

Министрлер кабинетинин атайын токтому менен 3-марттан тарта пиязды сыртка эспорттоого салынган убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Өткөн айдын аягында аталган министрлик чектөөнү алып салуу тууралуу токтом долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө бекитүүгө сунуш кылганын билдирген. Анда сунуш «жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана республиканын… Кененирээк…

Кыргызстанда айрым акимдер иштен алынып, кээ бирине сөгүш берилди

Бир катар жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана шаар мэрлерине сөгүш жарыяланып, бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндүгүнө, функционалдык милдеттерди аткаруунун деңгээлинин жетишсиздигине байланыштуу, төмөн баа алган жетекчилердин катарына киргендигинен, жер амнистиясын жүргүзүү боюнча түзүлгөн комиссиянын… Кененирээк…

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө насыя берүү токтотулду

Кыргызстанда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө насыя берүү токтотулду. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, быйыл “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорунун алкагында фермер, дыйкандарга 3 миллиард сомго жеңилдетилген насыя берилет. Бул сумма былтыркыга салыштырмалуу 1 миллиард 600 миллион сомго аз. Ведомстводон белгилешкендей, бул жылы кредит берүү… Кененирээк…