Бишкек – Нарын – Торугарт айланма трассасынын 124-чакырымындагы кайрылма жол жабылды

Бишкек – Нарын – Торугарт айланма трассасынын 124-чакырымындагы кайрылма жол жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.   Мындай чечим жол кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо максатында кабыл алынды. Анткени, аталган тилкеде буга чейин көп авариялар катталып келген, —… Кененирээк…

Сочиде дүйнөдөгү эң чоң торт жасалды

Сочиде дүйнөдөгү эң чоң торт жасалды.   Анын салмагы – 623 килограмм. Аны кескенде таттуу азык бир нече каттан турганын көрсө болот. Торт карагат, кулпунай жана таңкуурай менен кооздолгон.   Ал эми мындай чоң десертти даярдоого 3 күн талап кылынды. Узундугу 4 метр болсо, кеңдиги… Кененирээк…

Ордо калаанын Көк-Жар конушунда бала бакча ачылды

Ордо калаанын Көк-Жар конушунда бала бакча ачылды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 280 бөбөккө чакталган.   Имаратта оюн залдары, уктоочу бөлмөлөр, медициналык кабинет, спорт жана музыкалык залдар бар. Объекттин курулушу өткөн жылдын жайында башталган.

Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы мектеп пайда болот

Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы мектеп пайда болот. Капиталдык курулуш башкармалыгы 650 окуучуга чакталган имараттын курулушун баштады.   Долбоор боюнча мектеп 2 кабаттан туруп, 22 окуу кабинети, спорт зал, ашкана, медициналык кабинет, китепкана жана музыкалык залдан турат.   Андан тышкары, айланасында баскетбол, футбол жана воркаут аянтчалары… Кененирээк…

Мигранттар үчүн мамлекеттик ипотека алуу үчүн электрондук арыз толтуруу процедурасы жөнөкөйлөтүлөт

Мигранттар үчүн мамлекеттик ипотека алуу үчүн электрондук арыз толтуруу процедурасы жөнөкөйлөтүлөт.   Бул тууралуу 24 агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Арыз толтурууда смс билдирүү жөнөтүү үчүн кыргызстандык оператордун номери талап кылынат.   Мигранттарга атайын виртуалдык сим-карта киргизилет. Эске салсак, мигранттар үчүн “Үлүштүү курулуш” механизми жеткиликтүү.… Кененирээк…

Кыргызстанда энерго объектилердин ишине көзөмөл күчөтүлдү

Кыргызстанда энерго объектилердин ишине көзөмөл күчөтүлдү.   Улуттук электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, бул алдыдагы суукка байланыштуу. Штаттан тышкаркы учурларга авариялык-оңдоо бригадалары даярдалды.   Энергетиктердин, транспорт жана атайын техниканын күнү-түнү нөөмөтү уюштурулду. Ишканадан белгилешкендей, суук түшкөндө электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү кескин өсөт, бул өз кезегинде жабдууларга… Кененирээк…

Калкты тейлөө борборлорунда тарыхый бурчтар уюштурулду

Калкты тейлөө борборлорунда тарыхый бурч уюштурулду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.   Бурч Президенттин «Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө» жарлыгынын алкагында уюштурулган. Отуз алты калкты тейлөө борборуна уюштурулган тарыхый бурч билим берүүчү жана маалыматтык мүнөзгө ээ болуп, мамлекеттүүлүктүн тарыхы жана аны… Кененирээк…

Аскерден качып, кайра өз ыктыяры менен келгендерге мунапыс берилет

Президент Садыр Жапаров 9-февралда “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамына кол койгонуна байланыштуу аскер кызматкерлерине мунапыс берилет. Мыйзам 13-февралдан баштап күчүнө кирген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады.  … Кененирээк…

Салык төлөөчүлөр эми электрондук камсыздандыруу полисин онлайн режимде алса болот

Салык төлөөчүлөр эми электрондук камсыздандыруу полисин онлайн режимде алса болот. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, кызмат Salyk.kg сайтында жеткиликтүү.   Ал үчүн “жеке кабинетке” кирип, “Модулдар/Электрондук сервистер” бөлүмүнө өтүп, “Электрондук патентти” тандаш керек. Электрондук камсыздандыруу полиси үчүн төлөмдү банктар, терминалдар же уюлдук капчыктар аркылуу жүргүзүлөт.

Бишкекте туура эмес токтогон унааларды эми муниципалдык эвакуаторлор алып кетет

  Бишкекте туура эмес токтогон унааларды эми муниципалдык эвакуаторлор алып кетет. Бул тууралуу “Жол-транспорттук инфраструктура” ишканасынын башчысы Ренат Султамамытов билдирди.   Анын айтымында, мэриянын балансында Кытайдан чыгарылган 10 эвакуатор болот. Атайын транспортту сатып алууга 3 миллион сом бөлүнгөн. Учурда унаалардын документтери каттоодон өтүп жатат, алар… Кененирээк…