«Ак шумкарлар» Кытайдын Тайбэй курама командасы менен ойнойт

Бүгүн, 21-мартта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык раунду алкагында Кытайдын Тайбэй командасы менен ойнойт. Үчүнчү турдун алкагында орун ала турган бүгүнкү беттеш Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.   Оюнду БАЭнын рефери Яхья Али… Кененирээк…

Кайра шайлоого талапкер болууга арыз бергендердин саны ондон ашты

№2 Баткен жана №9 Кара-Суу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз бергендердин саны 14кө жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 19-марттагы маалыматында айтылат.   Кара-Суу шайлоо округунан талапкер болууга арыз бергендер сегиз киши. Алар — Бакир Бакытбек, Ганишер Бадалов, Турдубек Орунбаев, Сталбек Ажимаматов, Илимбек Кубанычбеков,… Кененирээк…

Бүгүн жана эртең тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн жана эртең күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу Чүй, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.   Селдин алдын алуу үчүн үйдүн жанындагы, чарбактардагы арыктарды, дренаждык… Кененирээк…

Бүгүн коомдук коопсуздукту 12 миңден ашык милиционер камсыздайт

Бүгүнкү Нооруз майрамына байланыштуу 12 миңден ашык милиционер коомдук коопсуздукту камсыздайт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, республиканын ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.   Өзгөчө көңүл эл көп чогулган жерлерге жана стратегиялык маанилүү объектилерге бөлүнөт.

Бишкекте Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленүүдө

Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара өтүүдө.   Иш-чаранын расмий бөлүгү саат 09:00дө башталды. Ал эми саат 13:00дөн баштап улуттук спорт оюндары башталат. Саат 14:00дөн 22:00гө чейин шаардыктарга концерттик программа тартууланат.