Бишкекте №34 жана №146 автобустардын жүрүү схемасы өзгөрдү

Бишкекте №34 жана №146 автобустардын жүрүү схемасы өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. №34 автобус эми айланма жол менен жаңы автобекетке чейин барса, №146 автобус кайрадан Мыкан айылына чейин жүрөт.   Мындай чечим шаар тургундарынын көптөгөн кайрылууларынан кийин кабыл алынды.

Өлкөдө 27-январь, ишемби жумуш күнү болот

Өлкөдө 27-январь, ишемби жумуш күнү болот. Бул тууралуу Эмгек министрлиги эскертет. Бул күнү 5 күндүк график менен иштеген кыргызстандыктар 3-январдагы дем алыш үчүн ишке чыгат.   Андан тышкары, 2-март жана 2-сентябрга туура келген ишембилер жумуш күнү болот. Бул күндөр үчүн 4-5-январда жаңы жылдык узак эс… Кененирээк…

Өтүп кеткен жылы унаанын айнектерин тонировкалоого айдоочулар 594 миллион сом төлөдү

Өтүп кеткен жылы унаанын айнектерин тонировкалоого айдоочулар 594 миллион сом төлөдү.   “Унаа” мамлекеттик мекемесинен билдиришкендей, жалпысынан  7 миңден ашык лицензия берилген.   Эске салсак, унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу 2022-жылы мыйзамдаштырылды. Бир жылга уруксат алуу үчүн жарандар 80 миң сом, юридикалык тараптар 100 миң… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги кыска мөөнөттүү бала бакчаларга керектүү материалдарды жеткирип баштады

Билим берүү министрлиги кыска мөөнөттүү бала бакчаларга керектүү материалдарды жеткирип баштады. Бүгүнкү күнгө карата 289 объектке оюнчуктар жана өнүктүрүүчү шаймандар тапшырылды.   Андан тышкары, заманбап балдар аятнчалары орнотулат. Ведомстводон эскертишкендей, жалпысынан өлкө боюнча 500 кыска мөөнөттүү бакча ачылат. Аларда балдар 3 саатка калтырылат.   Долбоор… Кененирээк…

Өлкө аймагындагы 45 мал базардын 25и гана ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет

Өлкө аймагындагы 45 мал базардын 25и гана ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.   Анын айтымында, 20 соода аймагынын ээлерине карата протокол түзүлсө, 16сына 160 миң сомдун айып тагылды. Талаптар аткарылбаганы үчүн 7 райондун акимине, Каракол, Кызыл-Кыя… Кененирээк…

Азербайжандан инвесторлор Ысык-Көл жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана курууну пландап жатат

Азербайжандан инвесторлор Ысык-Көл жээгинде 5 жылдыздуу мейманкана курууну пландап жатат. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан жана Азербайжан өкмөттөрү ортосундагы макулдашуу ратификациясы жөнүндө мыйзамга кол койду.   Тышкы иштер министрлиги азербайжандык тарапты Кыргызстан ички мамлекеттик процедураларды аткарганын билдирүү тапшырмасы берилди.   Долбоор качан ишке ашырылып баштайт жана… Кененирээк…

АКШ тургуну унаасына бензин куюп, биротоло байып дагы алды

АКШ тургуну унаасына бензин куюп, биротоло байып дагы алды.   Аял май куюу станциясына кирип, лотерея билетин сатып алган. Ошол жерден коргоо катмарын сүртүп, ал 1 миллион долларлык джекпотко ээ болгонун билген.   Ал алгач үйгө кубанганынан кыйкырып кирип, бирок эс учун жоготуп алды. Учурда… Кененирээк…

Cанариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылда көрсөтүлгөн эң популярдуу кызматтар тууралуу айтты

Cанариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылда көрсөтүлгөн эң популярдуу кызматтар тууралуу айтып берди. Ведомстводон белгилешкендей, эң популярдуу төмөнкү кызматтар болду:   — Кыргызстандын жарандарын туруктуу же убактылуу жашаган жери боюнча каттоо. 12 айдын ичинде 712 миң 123 кызмат көрсөтүлдү.   — Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана… Кененирээк…

2023-жылы Кыргызстанда 25 миллионго жакын мал эмдөөдөн өттү

2023-жылдын 12 айында республика боюнча 24 млн 762,9 миң баш малга эмдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу КР Ветеринардык кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын ичинен диагностикалык изилдөөлөр 1 млн 209,6 миң башка, алдын ала эмдөөлөр 22 млн 955,4 миң башка, дегельминтизация 597,9 миң башка, же болбосо… Кененирээк…

Коомдук унааларга жол кирени MegaPay аркылуу арзан төлөө — убактылуу акция

«Альфа Телеком» жабык акционердик коому коомдук унааларга MegaPay тиркемеси аркылуу арзандатылган жол кире төлөө убактылуу өнөктүк экенин маалымдады. «MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу төлөм жүргүзүүдө, муниципалдык   транспортто жүрүү акысы мурдагы бааны ─ 11 сомду түзөт! Акция 2024-жылдын 30-январынан 2024-жылдын 10-мартына чейин аракетте болот», — деп жазды компания… Кененирээк…