Барак эксклавынан көчүп чыккандар үчүн жаңы айылдын курулушу башталды

Барак эксклавынан көчүп чыккандар үчүн жаңы айылдын курулушу башталды. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Садыр Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жаңы-Барак айылынын түптөлүшүнө капсула салды.   Планга ылайык, аталган жаңы айыл 38 гектар жерге курулат. Анын алкагында 164 жаранга үй куруу үчүн 8 сотыхтан жер… Кененирээк…

Кыргызстан ЕРӨБдөн 47 млн евродон ашык насыя алат

Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 47 млн евродон ашык насыя алат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде экинчи окууда жактырылды.   Каражат Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу үчүн жумшалат. Маалыматка ылайык, акчанын 44 млн евросу насыя, 3… Кененирээк…

Боомдо таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында эртеңден тарта 11-майга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Таш кулатуу иштерине байланыштуу жол эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин маал-маалы менен жабылып турат. Айдоочулар каттамды алдын ала пландап алышы шарт.

Жалал-Абадда жер көчүп, бир үй-бүлө көчүрүлдү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чкалов айылында жер көчтү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 7 миң куб метрди түзөт.   Жеринде адистер тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 1 турак жайга кооптуулук жаралганы аныкталган. Андагы үй-бүлө жергиликтүү бийликтин берген эскертмесинин негизинде көчүрүлдү.   Маалымдалгандай,… Кененирээк…

Жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 2-3 сомго кымбаттады

Жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 2-3 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин мониторингинен маалым болду. Ага ылайык, бензиндин АИ-95 үлгүсүнүн орточо баасы январда 70 сом болсо, апрелде 71-72 сом болду.   Бензиндин АИ-92 үлгүсү 61-62 сомдон 64-65 сомго көтөрүлсө, АИ-80 үлгүсү 58-59 сомдун… Кененирээк…

Ошто 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында 300 орунга чакталган көп функционалдуу медициналык мекеменин курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жаңы аймактык оорукананын курулушуна 595 млн сом бөлүнгөн. Имаратты 2025-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада төрт медаль жеңди

Кыргызстандык окуучулар Балкан математикалык олимпидасында 1 күмүш, 3 коло медаль жана 2 ардак грамота жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Белгиленгендей, эл аралык 41-Балкан математикалык олимпидасы 27-апрелден 2-майга чейин Варна шаарында өттү. Ага 22 өлкөнүн окуучулары катышты.

Токтогулдагы суунун көлөмү 7 млрд 770 млн метр кубга жетти

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 770 млн метр кубга жетти. “Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө суу сактагычка секундасына орточо 352 метр куб суу агып кирип, сууну керектөө секундасына 197 метр кубду түзүүдө.   Былтыр ушул маалда өлкөнүн башкы резервуарында 8 млрд 155… Кененирээк…

Ушул жумада дээрлик бардык аймактарда жаан жаашы күтүлөт

Кыргызстанда шаршемби жана бейшембини кошпогондо ушул жумада дээрлик бардык аймактарда жаан жаашы күтүлөт. Сел жүрүү коркунучу да бар.   Абанын температурасы дем алыш күндөрүнө чейин бир топ жагымдуу болот. Маселен, түнкүсүн 12…17 градус жылуу, күндүз 25…30 градус нөлдөн жогору болот.   Бишкекте эртең күн чыгып,… Кененирээк…

Ысык-Көлдө коомдук эс алуу жайлардагы коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Ысык-Көлдө коомдук эс алуу жайлардагы коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.   Киргизилген чараларга патрулдук кызматты күчөтүү, унаалардын техникалык абалына көзөмөл, ошондой эле тоолуу аймактарда коопсуз жүрүм-турум эрежелери боюнча эс алуучулар арасында маалымат кампаниясын жүргүзүү кирет.