Бишкектин четиндеги Байтик айылында заманбап спорт комплекстин курулушу башталды

Бишкектин четиндеги Байтик айылында заманбап спорт комплекстин курулушу башталды.   Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады. Комплекс спорттун бир нече түрү боюнча ыңгайлаштырылып, анда бардык шарттар каралат.   Курулушка 50 миллион сом багытталат деп пландалууда.

Эмгек министрлиги жыл сайын 15 миңдей адамды иш менен камсыз кылат

Эмгек министрлиги жыл сайын 15 миңдей адамды иш менен камсыз кылат.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бул максатта ведомство вакансия жарманкелерин уюштуруп, компаниялар менен иштешип келет.   Андан тышкары, министрлик жумушсуз деп расмий катталган жарандардын арасынан каалоочуларды акысыз окуу курстарынан өткөрөт.

Электр энергиясы менен жылытуу системасы орнотулган көп кабаттуу үйлөргө 5 киловатт-сааттык чектөө киргизилбейт

Электр энергиясы менен жылытуу системасы орнотулган көп кабаттуу үйлөргө 5 киловатт-сааттык чектөө киргизилбейт.   Бул тууралуу “Улуттук электр тармактары” ишканасынын башкы директору Алтынбек Рысбеков билдирди.   Ошондой эле, үч фаза койдургандар, ага уруксат алгандар үйүн электр кубаты менен жылыта алат.   Бирок  чарбалык керектөөгө 10… Кененирээк…

Угандада өзгөчө рекорд орнотулду

Угандада өзгөчө рекорд орнотулду. 900 адам 3 саат 16 мүнөт бою тынбай кол чапкан. Гиннес рекорддор китебинин шарттарына ылайык, кол чабуулар орточо көрсөткүчтөгү бир калыпта чыгышы керек болчу.   Эгер кимдир бирөө токтоп калса, ал топтон дароо чыгарылган. Башка зарыл иштер боюнча дагы алаксыганга тыюу… Кененирээк…

Ошто Райымбеков көчөсүн калыбына келтирүү башталды

Ошто Райымбеков көчөсүн калыбына келтирүү башталды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, иштер анын Масалиев проспектисинен Кара-Суу көчөсүнө чейинки тилкесинде жүрүп жатат.   Бул жерде асфальттын катмары жаңыртылып, көчө жарыгы орнотулуп, тротуар курулат. Ошондой эле тилкеде отургучтар, видео байкоо камералары жана көчөттөр пайда болот.

Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлыгы 32 миң 146 сомго теңелди

Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлыгы 32 миң 146 сомго теңелди.   Үстүбүздөгү жылдын январь айынан июлга чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. 2022-жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, маяна 27 пайызга өстү.   Эң чоң өсүш мамлекеттик башкаруу жана коргоо, соода, транспорт ишкердүүлүгү, маалымат жана… Кененирээк…

Кыргызстанда кышында былтыркыдай “жөнгө салуу иш-чаралары” киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда кышында былтыркыдай “жөнгө салуу иш-чаралары” киргизилиши мүмкүн.   Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, тармакка ашыра жүк келген учурда бир-эки саатка электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн.   Бул трансформаторлорду ысып кетүүдөн коргоо үчүн зарыл. Чиновник белгилегендей, соңку учурларда жабдууларга күч келүү өсүүдө,… Кененирээк…

Жыл башынан бери 2,9 млрд сом мүлк салыгы төлөндү

Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери 2 млрд 925,1 млн сом мүлк салыгын чогултту. Ведомстводон билдиришкендей, белгиленген план 310,4 млн сомго ашыкча аткарылган.   Аталган сумманын 1,1 млрд сомун кыймылсыз мүлк салыгы (турак үйлөр жана батирлер), 948,2 млн сомун үй жанындагы жер участокторуна салык жана… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда жаңы мектеп пайда болот

Жалал-Абад облусунда жаңы мектеп пайда болот. Курулушка тендерди аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Жалпы билим берүү мекемеси   375 окуучуга чакталып, Багыш айылында орун алат.   Объектинин курулушуна  148 миллион сом багытталат деп пландалууда. Окуу корпусунан тышкары мектепте спорт зал, футбол аянты жана зоологиялык аймак дагы… Кененирээк…

Өлкөдө “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 13 миң үй-бүлө мамлекеттен каржылык колдоо алды

Өлкөдө “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 13 миң үй-бүлө мамлекеттен каржылык колдоо алды.   Бизге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, программанын аркасынан кошумча  26 миңдей жумуш орундары пайда болду.   Эске салсак, “Социалдык келишим” долбоорунун катышуучулары “үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алгандардын арасынан тандалып алынат. Аларга… Кененирээк…