Бишкекте көп функционалдуу жаштар борбору пайда болот

Бишкекте көп функционалдуу жаштар борбору пайда болот. Бул тууралуу Маданият министринин орун басары Марат Тагаев билдирди. Анын айтымында, борборду түзүүнүн негизги максаты – мамлекеттик жаштар саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу болуп эсептелет.   Долбоордун сметалык баасы 700 миллион сомду түзөт. Чиновник белгилегендей, мындай борборлор республиканын… Кененирээк…

Чүй облусунун аймагында монолиттик-блоктук модулдарды өндүрүүчү завод курулат

Чүй облусунун аймагында монолиттик-блоктук модулдарды өндүрүүчү завод курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов Facebook`тагы баракчасына жазды.   Улуттук агенттик жана “Роялсафа” жоопкерчилиги чектелген коому аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.   Иинвестициялык долбоордун суммасы… Кененирээк…

«Түрк аба жолдорунун» учактарында кыргыз тасмалары көрсөтүлө баштады

«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын учактарында кыргыз тасмалары көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов маалымдады.   Анын айтымында, тиешелүү келишимге кол коюлган. Учурда «Курманжан Датка» жана «Шамбала» кыргыз тасмалары учуу учурунда көрүүгө боло турган тасмалардын репертуарына кошулду.   27-февралда… Кененирээк…

112 баатыр эне айына 3000 сомдон жөлөкпул алат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда пенсиялык камсыздандырууга укугу жок 112 баатыр эне ай сайын үч миң сомдон социалдык жөлөк пул алышарын билдирди. Кыргызстандын пенсия мыйзамына ылайык, мурда иштебеген, эмгек стажы жок адамдарга 1200 сом өлчөмүндө социалдык жөлөк пул берилет. Жогорку Кеңеш баатыр энелерге… Кененирээк…

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов билдирди.   Ал белгилегендей, бул маселе учурда талкууланып жатат. Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргызстандын эл аралык денгээлдеги эң ири долбоору.   Ал алгач биздин… Кененирээк…

Кыргызстан ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 79 миллион доллар алат

Кыргызстан ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 79 миллион доллар алат.   Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети  Ислам ѳнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуунун долбоорун карап, жактырды. Насыянын мөөнөтү 25 жыл, анын ичинде 7 жыл жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат.  … Кененирээк…

Кыргызстандык спортчулар Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 5 лицензия ээлешти

Кыргызстандык спортчулар Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 5 лицензия ээлешти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Абдымомунов билдирди.   Анын айтымында, жолдомо балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана суучул Денис Петрашовдо бар.   Эске… Кененирээк…

Быйыл ажылык сапарга баруу акысы бир адамга 3 миң 750 долларды түздү

Быйыл ажылык сапарга баруу акысы бир адамга 3 миң 750 долларды түздү.   Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, акчаны эртең, 27-февралдан тарта 4-мартка чейин төлөө зарыл.   Буга чейин зыяратчылар 2 миң доллар төлөсө, эми калган 1 миң 750 долларды төлөшү… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустарга чалдыгуу көрсөткүчү азаюуда

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустарга чалдыгуу көрсөткүчү азаюуда. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,  18-февралдан 25-февралга чейин өлкө аймагында жалпысынан 5 миңден ашык учур катталды.   Бул ага чейинки аптага салыштырмалуу 19 пайызга аз. Дарыгерлерге кайрылгандардын басымдуусу 14 жашка чейинки балдар. Өлкөдө курч респиратордук вирустарга… Кененирээк…

Кыргызстанда өткөн жылы калктын реалдуу акчалай кирешеси өскөн

Кыргызстанда өткөн жылы калктын реалдуу акчалай кирешеси өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 2023-жылдын январь-сентябрь айларында калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 515,8 миллиард сомду түздү.   Бул 2022-жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 11 пайызга көп. Калктын адам башына эсептелген кирешеси айына 9 миң 425… Кененирээк…