Бакуда Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Баку шаарында Азербайжага болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө президенти Ильхам Алиев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.   Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери талкууланды.   Тараптар акыркы эки жылда… Кененирээк…

Селден улам Сузак районунда дагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Селден улам Сузак районунда дагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, нөшөрлөп жааган жаан-чачындан кийин Барпы, Кызыл-Туу, Сузак айыл өкмөттөрүндө турак-жайлардын короолорун суу каптады.   Андан тышкары, Көк-Арт дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, бир топ аймактарга кооптуу абал жаралды.  Жерине атайын инженердик… Кененирээк…

Кыргызстанда 3 миңден ашык дыйкан “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя алды

Кыргызстанда 3 миңден ашык дыйкан “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя алды. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, берилген жалпы сумма бир миллиард сомдон ашат.   Каражат мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармактарына багытталган. Ведомстводон эске салышкандай, долбоордун алкагында быйыл 5 миллиард сом каралды.

Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кире тарифтери боюнча абалга түшүндүрмө берди

Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кире тарифтери боюнча абалга түшүндүрмө берди.   Эске салсак, кечээ, 23-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда вице-мэр Мирлан Байкончоков ордо калаада автобустар өзүн акташы үчүн жол кирени 25 сомго көтөрүү керектигин билдирген.   Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, бул жаңы транспорттун өзүн өзү акташы боюнча… Кененирээк…

Чүй облусунун айрым райондорунда дагы сел жүрдү

Чүй облусунун айрым райондорунда дагы сел жүрдү.   Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел Онбир-Жылга, Жаңы-Жол жана Ак-Бешим айылдарында жүрүп, Бурана дарыясынын жээктерин суу жеп кетти. Калк арасында жабыркагандар жок. Учурда аймакта абал көзөмөл алдында. Табигый кырсыктын кесепетин жоюу иштери жүрүүдө.  … Кененирээк…

АКШ тургуну баласынан белекке алган лотерея билети менен миллионер болду

АКШ тургуну баласынан белекке алган лотерея билети менен миллионер болду. Вирджиния штатынын тургуну билет сатып алып, бирок жумушу менен башка шаарга кеткендиктен, билетти апасына белек кылган.   Аял джекпоттун ээси болуп, 1 миллион доллар утуп алды. Эне-бала утушту талашпастан, лотереянын кеңсесине акчаны алып кеткени бирге… Кененирээк…

Ордо калаанын Чүй проспектисинде унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

Ордо калаанын Чүй проспектисинде унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта анын Төрөкул Айтматов көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки тилкесинде жылуулук түтүктөрүн оңдоо иштери аткарылат.   Жумуштар эки жумага созулат. Тыгындарды алдын алуу үчүн айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

Бишкекте 14 мектеп менен бир бала бакчанын спорт аянтчаларынын эскиздик долбоорлору иштелип чыкты

Бишкекте 14 мектеп менен бир бала бакчанын спорт аянтчаларынын эскиздик долбоорлору иштелип чыкты.   Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, эскиздик долбоорго волейбол, баскетбол, футбол, ошондой эле воркаут аянтчалары жана кээ бир мектептерде жабык футбол аянтчалары кирет. Оюн аянтчалары окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүп, жасалма… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-майдан тарта билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар электрондук түрдө кабыл алынат

Кыргызстанда 1-майдан тарта билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар электрондук түрдө кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Арыздар лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы аркылуу гана жиберилиши керек. Арыз ээсине административдик иштин аткаруучусу менен жолугуунун кажети жок болгондуктан, коррупциялык тобокелдиктер жоюлат,… Кененирээк…

Электросамокаттарды пайдаланууну жөндөгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды

Электросамокаттарды пайдаланууну жөндөгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Аталган документ менен жеке мобилдүүлүк каражаты түшүнүгү киргизилип, аны пайдалануу эрежелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.   Самокаттын катышуусу менен жол кырсыгы катталса, 1 миң сом айыл салынат.   Ал эми колдонуучу мас абалында болсо, айыптын… Кененирээк…