Милиция элди чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат

Милиция элди чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, жаңы жылдык майрамдардын алдында чөнтөк уурулары көбөйөт.   Өзгөчө коомдук транспортто этият болуу зарыл. Капчык, телефон жана башка баалуу буюмдарды сырткы чөнтөккө салбаш керек.

Кыргызстанда вакциналарды сактоочу кампалар курулууда

Кыргызстанда вакциналарды сактоочу кампалар курулууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда Токтогул, Ала-Бука, Баткен, Жалал-Абад, Нарын районунун Ак-Талаа айылында жана Ош облусунун Араван айылында объектилерди куруу иштери аяктады. Кербен айылында да кампанын курулушу аяктоо алдында турат.   Мындай жумуштар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га ыкчам… Кененирээк…

Жыл башынан бери 36 миңге жакын кызыл китеп берилди

Жыл башынан бери Кыргызстанда 35 миң 873 жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 18-декабрга карата республика боюнча мамлекеттик акт алууга 137 миң 397 арыз кабыл алынып, 77 миң 172 арыз коомдук билдирүүгө илинген.  … Кененирээк…

Бишкекте башаламан токтотулган унааларды эвакуациялоо боюнча рейд уланууда

Бишкекте башаламан токтотулган унааларды эвакуациялоо боюнча рейд уланууда. Иш-чарага шаардык кызматтардын, Милициянын кайгуул кызматынын өкүлдөрү катышууда.   Белгиленгендей, бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз жүрүп, акырындык менен борбордук көчөлөрдөгү бардык башаламан унаа токтотуучу жайлар жоюлат.  

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйүүдө

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине таянып жазды.   Маалыматка ылайык, соңку бир аптада дарыгерге кайрылгандардын саны 11 миң 575 адамга жетти. Бул ага чейинки жумага салыштырмалуу 43 пайызга көп. Бирок өткөн жылдын ушул мезгилине… Кененирээк…

Бишкекте №42  жана №103 автобустар эми Чүй проспектиси менен жүрө баштайт

Бишкекте №42  жана №103 автобустар эми Чүй проспектиси менен жүрө баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Эске салсак, аталган автобустар буга чейин Киев көчөсү менен каттачу.   Кошумчаласак, Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө жүргөн маршруткалар толугу менен Киев, Токтогул, Фрунзе көчөлөрүнө… Кененирээк…

Ак-Талаа айылында вакцина сактаган кампанын курулушу аяктады

Нарын облусунун Ак-Талаа айылында вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун каржылоосу менен ишке ашты.   Белгиленгендей, жаңы кампа бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берет.

Туристтик объектилерди кургандар салыктан бошотулушу мүмкүн

Кыргызстанда туристтик объектилерди, мейманканаларды курган ишкерлерди 5 жылга салыктан бошотуу каралууда. Бул тууралуу Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.   Мындан тышкары аларга «артыкчылыктуу мамлекеттик долбоор» макамы берилип, бажы төлөмдөрүнөн да бошотуу аракети көрүлүүдө.   Эске салсак, быйыл тогуз айда Кыргызстанга 6 млн турист келгенин Туризм… Кененирээк…

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.   Айланма жол куруу зарылдыгы Бишкек-Ош жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылынын көптүгүнөн улам келип чыкканы белгиленген.   Жарлыкка ылайык, Инвестиция агенттиги жол куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл документтерди даярдап, Министрлер… Кененирээк…

Мирбек Атабековго “Борбор Азия жылдызы” наамы ыйгарылды

Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековго “Борбор Азия жылдызы” наамы ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу Казакстандын Алматы шаарында өттү.   Белгилүү ырчы мындай наамды алгач ирет алып жаткан айтып, боордош элге ыраазычылык билдирди.   Иш-чаранын алкагында Мирбек Атабековдун эмгеги коңшу Казакстанда да жогору бааланып жатканы баса белгиленди.