Бишкек жана Баку шаарларын байланыштырган түз аба каттамын кое берүү пландалып жатат

Бишкек жана Баку шаарларын байланыштырган түз аба каттамын кое берүү пландалып жатат. Азербайжандык авиакомпания 15-июлдан тарта рейстерди аткарып баштайт.   “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, учактар жумасына бир жолу – ишемби күндөрү каттайт. Белгилеп кетсек, Азербайжан менен Кыргызстан ортосунда аба каттамы биринчи ирет ачылып… Кененирээк…

Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында сел жүрөт

Кыргызстанда 25-26-июнь күндөрү нөшөрлүү жаан жаап, мындан улам өлкө аймагында катуу сел жүрүшү ыктымал экенин ӨКМ кабарлады. Маалыматта сел тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо жүрөрү айтылган. Мындан тышкары, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүп жатат.

Оштон Иркутск шаарына аба каттамдарынын саны көбөйтүлдү

Оштон Иркутск шаарына аба каттамдарынын саны көбөйтүлдү.   Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Бүгүнтөн тарта ата-мекендик авиакомпания жума күндөрү Ош – Иркутск – Ош батыгы боюнча рейстерди аткарат.   Муну менен аталган каттам аптасына 7 ирет аткарылып баштады.

Коргоо министрлиги Россиядан тик учак сатып алды

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө МИ-17 тик учагы өткөрүп берилди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.   Тик учак КРдин Коргоо министрлиги менен россиялык «Рособоронэкспорт» АКнын ортосундагы келишимдин негизинде сатып алынды. Коргоо министри Бакытбек Бекболотов техниканы тапшыруу аземинде көп максаттуу тик учак Куралдуу күчтөрдүн коюлган тапшырмаларды аткаруудагы мүмкүнчүлүктөрүн… Кененирээк…

Франциянын жылдыздуу футболчусу Килиан Мбаппе испаниялык “Реал” клубуна өтмөй болду

Франциянын жылдыздуу футболчусу Килиан Мбаппе испаниялык “Реал” клубуна өтмөй болду. Мадриддик клуб чабуулчунун трансфери боюнча ПСЖ менен бир чечимге келди.   Жалпысынан Мбаппе 250 миллион еврого сатылат. Сумманын 200 миллиону дароо берилсе, калган бөлүгү оюнчунун бонустарынын жана ал ээлей турган “Алтын топтун”  эсебинен төлөнөт. Белгилеп… Кененирээк…

“Кыргыз почтасы” Кыргызстан аэропортторунда товарлар үчүн атайын аймак түзүү ниетинде

“Кыргыз почтасы” Кыргызстан аэропортторунда товарлар үчүн атайын аймак түзүү ниетинде. Бул тууралуу мамлекеттик ишкананын жетекчиси Марат Черикчиев билдирди.   Анын айтымында, биринчи сактоочу жай “Манас” аэропортунда, экинчиси – Ош аба майданында, үчүнчүсү – Тамчыда жана дагы бирөө Караколдо жайгашат.   Белгилеп кетсек, бонд аймагы –… Кененирээк…

Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал жарыяланды

Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал жарыяланды.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 21-июнда кечинде аймакта катуу жаандан кийин сел жүрүп, 45 турак үйдүн короо-жайын, 3 социалдык объектинин короолорун кум-шагыл аралаш сел каптады.   Бир электр мамысын сел агызып, электр энергиясын берүү убактылуу… Кененирээк…

24-июнь түн жарымга чейин ысык суу бардык керектөөчүлөрдүн үйлөрүндө пайда болот

24-июнь түн жарымга чейин ысык суу бардык керектөөчүлөрдүн үйлөрүндө пайда болот. “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынын маалыматына ылайык, техникалык себептерге байланыштуу бир эле учурда бардык тургундарга сууну бирдей берүү мүмкүн эмес.   Кечээ ысык суу ордо калаанын борбордук райондоруна берилди.   Бүгүн түштүк кичи райондордун жашоочуларын… Кененирээк…

Кыргызфармация ишканасына 1 миллиард сом бөлүндү

Кыргызфармация ишканасына 1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, каражат дары-дармек жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алуулар максатында бөлүнүп берилди.   Эске салсак,  Саламаттыкты сактоо министрлиги алдындагы “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы 31-мартта негизделген.

Жашоо үчүн дүйнөнүн эң мыкты шаары аталды

Жашоо үчүн дүйнөнүн эң мыкты шаары аталды. Экинчи жыл катары менен ал – Вена. Австриянын борбор шаары Экономист групп компаниясы түзгөн рейтингдин сап башында жайгашты.   Эксперттер бир нече категориялар боюнча мыкты шаарды аныктаган. Башкы көрсөткүчтөр – айлана-чөйрөнүн абалы, өнүгүүнүн туруктуулугу, саламаттыкты сактоо жана билим… Кененирээк…