Жалал-Абад облусунда “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашууда

Жалал-Абад облусунда “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.   Долбоорду ишке ашырууга Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунан 20 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле, жергиликтүү бийлик тарабынан да колдоо көрсөтүлөт.

Кыргызстандыктар мүлк салыгы боюнча маалымат эсебин тапшырышы керек

Кыргызстандыктар мүлк салыгы боюнча маалымат эсебин тапшырышы керек. Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей, муну Cabinet.salyk.kg сайтындагы “жеке кабинет” аркылуу же салык органына барып ишке ашырууга болот.   Юридикалык жактар ​​1-апрелге чейин, жеке жактар ​​1-майга чейин эсептөөлөрдү тапшырышы керек. Кечиккен учурда 1 миң сомдон 5 миң сомго… Кененирээк…

Кыргызстанда жеке менчик клиникаларды текшерүү уланат

Кыргызстанда жеке менчик клиникаларды текшерүү уланат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.   Адистер жарандарга канчалык деңгээлде кызмат көрсөтүлүп жатканын тактап алууну пландап жатышат. Топ эки ай иштеп, андан соң жеке клиникалардын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу жана жакшыртуу боюнча сунуштарын президенттик аппараттын кароосуна… Кененирээк…

Баткенде мыйзамсыз курулган 30 объект буздурулду

Баткендин Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө мыйзамсыз курулуштарга текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, текшерүү Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Баткен аймактар аралык бөлүмү тарабынан президенттин жарлыгынын негизинде… Кененирээк…

Бишкекти кардан тазалоо иштери уланууда

Бишкек шаарында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалоо иштерин улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, линияга 50 атайын техника чыкты, анын ичинде 27 кар тазалоочу МАЗ жана 1 ЗИЛ агрегаты, 2 алдынан жүктөгүч техника, 8 щетка жана күрөктүү «Беларусь» трактору, 5 универсалдуу УКМ- 2500 , 2 даана… Кененирээк…

БШК Жогорку Кенештин эки депутатын мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатынан ажыратты. Тиешелүү чечим аталган депутаттардын арызынын негизинде кабыл алынды.   Эми Баткен жана Кара-Суу райондорунун бир мандаттуу округдарында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.   Эске салсак, Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын… Кененирээк…

Каракол – Эңилчек унаа жолуна каттам ачылды

Ысык-Көл облусундагы Каракол – Эңилчек унаа жолунун бир тилкеси кар көчкүдөн тазаланып, эки тараптуу каттам ачылды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик мекемесинен билдиришти.   Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган унаа жолдун 47-48-чакырым аралыгында көлөмү 23 миң куб метрди түзгөн үч көчкү түшкөн. Учурда жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Кытайда адаттан тыш кофе сатыла баштады

Кытайда адаттан тыш кофе сатыла баштады. Суусундук эспрессо, сүт жана чочконун этинин даамынан турат.   Мындан тышкары, чочконун төш эти кофени кооздоо үчүн колдонулат. Анын баасы 9 долларды түзөт.   Компаниянын өкүлдөрү аралашма кофеге күтүлбөгөн даам кошорун айтышууда.

Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы дүйнө чемпионатына даярдыктарды баштады

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына даярдыктарды баштады. Биздин команда жалпысынан 6 топ кирген А тайпасындагы командалар арасында үчүнчү дивизиондо ойнойт.   Турнир Бишкекте 10-16-март аралыгында өтөт. Жеңүүчү экинчи дивизионго чыгуу укугун алат.   Кыргыз курамасынын кеңейтилген тизмесинде учурда 19 оюнчу бар. Командага 1-орунду… Кененирээк…

Быйыл санариптик экономикага 600 миллион сом бөлүнөт

Быйыл санариптик экономикага 600 миллион сом бөлүнөт. Novosti.kgге президенттик аппараттын санариптештирүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев билдиргендей, каражат министрликтерге жана ведомстволорго жаңы санариптик продукцияны киргизүүгө же аларды өнүктүрүүгө багытталат.   Эске салсак, былтыр Каржы министрлиги санарип экономикага 500 миллион сом бөлгөн.