Иммунопрофилактика борборуна заманбап жабдуулар тапшырылды

ЮНИСЕФтин техникалык жардамы менен Республикалык иммунопрофилактика борборуна (РИБ) заманбап жабдуулардын жети комплекти берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жаңы жабдуу COVID-19 пандемиясы сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда координацияны жакшыртып, адистерди аралыктан окутуу үчүн бардык облустук борборлорду туташтырууга жардам берет.   Вакцинация жана иммунизациялоо… Кененирээк…

Баткенде табылган археологиялык табылгалар изилдөө үчүн Европага жиберилет

Баткенде табылган археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Эске салсак, Баткен мамлекеттик университети жүргүзгөн археологиялык казууда I,VI кылымдарга таандык кумура, курдун тогосу, бычак, канжар сыяктуу буюм-тайымдар табылган.   Он беш адамдан турган археологиялык топ ушул… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел коркунучу бар.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, мындай абал 10-июлга чейин сакталат. Буга туруксуз аба ырайы жана тоолордо жаан жаашы себеп.   Дарыяларда да суунун деңгээли жогорулашы күтүлүүдө. Жарандар сак болушу шарт.