Быйыл «Эл үмүтү» стипендиясына 17 студент талапкер болууда

Быйыл «Эл үмүтү» стипендиясына 17 студент талапкер болууда. Учурда алардын тизмеси өкмөткө жөнөтүлгөнүн Билим берүү министрлиги билдирди.   Былтыр бул стипендияга тогуз студент тандалып, жалпы 30 миллион сомдон ашуун бөлүнгөн.   «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет.… Кененирээк…

Кыргызстандагы Казарман ГЭСтер каскадын кытайлык үч компания курат

Кыргызстандагы Казарман ГЭСтер каскадын кытайлык үч компания курат. Бул боюнча инвестициялык келишимге Чолпон-Ата шаарында «Ысык-Көл-2023» эл аралык форумунун алкагында кол коюлганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Нарын дарыясындагы гидроэлектрстанция 2030-жылга чейин колдонууга берилет. Анын жалпы кубаттуулугу 1 миң 160 МВт болот.  … Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

кооп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, эртенден тарта 30-июлга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.   Мекеме суу каптоонун алдын алуу максатында үйлөрдүн, чарбактардын жанындагы арыктарды таза кармоону эскертти.

Бишкектеги мектептерде кыргыз тилинде сабак берген класстар көбөйөт

Бишкектеги мектептерде кыргыз тилинде сабак берген класстар көбөйөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, ордо калаадагы 103 мектептин 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Ал эми калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.  … Кененирээк…

Бишкектин Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Бишкектин Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу.   Учурда котлован казуу иштери жүрүп жатат.

Бишкекте таштандыларды бөлүп чогултуу үчүн заманбап челектер орнотулду

Бишкекте таштандыларды бөлүп чогултуу үчүн заманбап челектер орнотулду. Муниципалитеттен билдиришкендей, контейнер аянтчасы Токтогул жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде пайда болду.   Бул жерде тиричилик таштандыларын сорттоонун пайдасы тууралуу маалымат такталары да бар.   Пилоттук долбоор Биринчи май районунун акимчилиги менен ишкерлердин кызматташуусунун алкагында ишке ашып жатат.

Дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген баада дизель сатылууда

Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге 3 миллион литр дизель жеңилдетилген баада сатылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, отунду үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен май куюучу станциялардын тармагы келишим түзгөн. Анын негизинде дизель майы дыйкандарга 65 сомдон сатылууда. Бул базар… Кененирээк…

Жалал-Абадда дем берүүчү гранттын эсебинен 6 соцобъект оңдолууда

Жалал-Абадда дем берүүчү гранттын эсебинен 6 социалдык объекти оңдоп-түзөө иши жүрүп жатат. Тагыраагы, үч бала-бакча, эки үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана бир мектеп оңдолууда, — деп билдиришти жергиликтүү мэриядан.   Шаарда дем берүүчү гранттын эсебинен жүргүзүлүп жаткан курулуштардын сметалык баасы дээрлик 20 миллион сомду түзөт.

Кытай дарыгерлери 600 кыргызстандыктын көзүнө акысыз операция жасайт

Кытай дарыгерлери 600 кыргызстандыктын көзүнө акысыз операция жасайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусунда белгилүү болду.   Маалыматка ылайык, катаракта илдетине операция сентябрь айында Бишкек менен Ош шаарларында жасалат.   Операциялар Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык… Кененирээк…

Кыргызстанда прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү укугу алынды

Кыргызстанда прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү укугу алынды. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке президент кол койду. Аны Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган.   Жаңы мыйзамга ылайык, тергөөнү эми Ички иштер министрлиги менен УКМК жүргүзөт. Аскер кызматкерлерине тиешелүү тергөөнү болсо Аскер прокуратурасы ишке ашырат.   Конституциялык мыйзам… Кененирээк…