Бишкек мэриясы айрым ыйгарым укуктарды калаа башчыга өткөрүп берүү маселесин шаардык кеңешке сунуштады

Бишкек мэриясы айрым ыйгарым укуктарды калаа башчыга өткөрүп берүү маселесин шаардык кеңешке сунуштады. Пилоттук режимдеги административдик-аймактык реформанын алкагында мэр ордо калаанын бюджетин, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жана жол киреге тарифтерди бекитет. Мындай укукка мэр административдик реформанын жыйынтыгы мыйзамдуу чыкканга чейин ээ болору күтүлүүдө.  … Кененирээк…

Прокурор Мадумаровду күнөөлүү деп таап, жазадан бошотууну сураганы маалымдалды

Бүгүн, 19-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү башталды.   Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Кубанычбек Тумановго таянып, «Азаттык» жазды. Маалыматка ылайык, прокурор соттон Адахан Мадумаровду коюлган айып боюнча күнөөлүү деп… Кененирээк…

«Билим Бишкек» инновациялык борборун ачуу боюнча келишимге кол коюлду

Бишкекте «Билим Бишкек» инновациялык борборун ачуу боюнча төрт тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, директор Рахат Керимбаева Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Түркиянын Технологиялык команда фонду жана Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги… Кененирээк…

«Ынтымак» менен «Достук» Нооруз мелдешинин финалына чыкты

Таластын «Ынтымак» жана Оштун «Достук» командалары Бишкекте көк бөрү боюнча өтүп жаткан Нооруз-2024 республикалык мелдешинин финалына чыкты. Бүгүн «Ак кула» ат майданында мелдештин Жогорку лигасынын жарым финалдык оюндары өттү.   Финалдык беттеш 21-мартта болот.   Республикалык иш-чарага 40 команда катышууда. Алар төрт лигага бөлүнүп ойнойт.

Бирдиктүү салык декларациясын 370 миңден ашуун адам тапшырды

Бирдиктүү салык декларациясын 370 миңден ашуун адам тапшырды. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, алардын көбү документтерди электрондук түрдө толтурушкан.   Эске салсак, уюмдар жана мамлекеттик кызматкерлер 1-апрелге чейин салык декларациясын тапшырышы керек. Жеке жактар жана ишкерлер 1-майга чейин өткөн жылдагы кирешелери тууралуу маалымат бериши зарыл.

Милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө

Милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүүдө. Нооруз майрамына байланыштуу Ички иштер министрлиги тартипти камсыздоо жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын бекитти.   Мындан тышкары, кылмыштуулукка бөгөт коюу иштери күчөтүлөт.  

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандар азайууда

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандар азайууда.   Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 11-марттан 17-мартка чейин өлкөдө алты миңден бир аз ашык учур катталган. Бул мурунку жумага салыштырмалуу дээрлик 57 пайызга аз.   Көбүнчө 14 жашка чейинки балдар ооруп жатат. Дарыгерлер тумоо… Кененирээк…

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруунун кийинки этабы башталды

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун кийинки этабы башталды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.   Маалыматка ылайык, компаниянын башкы директору Азамат Сакиев менен «Кытай темир жолу» корпорациясынын директорунун орун басары Ванг Тунцзен жетектеген делегациялар Жалла-Абадда жолугушту. Алар «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун долбоору… Кененирээк…

Кара-Балтадагы мунай иштеткен “Жунда” заводун ушул жылдын экинчи кварталында ишке киргизүү пландалып жатат

Кара-Балтадагы мунай иштеткен “Жунда” заводун ушул жылдын экинчи кварталында ишке киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, заводду быйыл күзүндө модернизациялоо пландалууда.   Эске салсак, “Жунданын” иши 2019-жылы токтоп калган. Алгач анын себеби айтылбай, 2020-жылы пандемияга байланыштуу экени кабарланган.… Кененирээк…

Бардык абитуриенттер кыргыз тили боюнча тест тапшырууга милдеттендирилди

Бардык абитуриенттер кыргыз тили боюнча тест тапшырууга милдеттендирилди. Ал жалпы республикалык тестирлөөнүн алкагында өткөрүлө турганын Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   “Тестке кошумча болуп, милдеттүү тест кыргыз тили боюнча кирип жатат. Бул Билим берүү министрлигинин буйругу боюнча киргизилген иш чара.… Кененирээк…