Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.   Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине ал 77 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда.   Кыргыз балбаны биринчи атаандашы норвегиялык Пьер Андерс Курени 4:3… Кененирээк…

Кыргызстанда «акылдуу РЭСтер» пайда болот

Кыргызстанда «акылдуу РЭСтер» пайда болот. Бул тууралуу Novosti.kgге «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева билдирди.   Маалыматка ылайык, жаңычылдыктын алкагында райондук электр тармактары ишканасына тиешелүү иштерди үйдө отуруп эле бүтүрсө болот. Тагыраагы, бул багытта атайын тиркеме иштелип чыгат.

Япониядагы эски түрмө люкс мейманканага айланат

Япониядагы эски түрмө люкс мейманканага айланат. Имарат 115 жыл мурун курулган.   2017-жылы мекеме жабылып, өлкөнүн маданий баалуулугу катары таанылган.   Жалгыз камераларда даараткана, раковина, терезе жана туткасы жок оор жыгач эшиги гана болгон.   Эми бул жер мейманкана катары кайра жаралат, тагыраагы коноктор кызыл… Кененирээк…

Бишкекте атайын таксилер пайда болушу мүмкүн

Бишкекте атайын таксилер пайда болушу мүмкүн. “Экономист” басылмасына мэриянын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинен билдиришкендей, бул максатта эки миңге чейин экологиялык жактан таза электромобилдерди сатып алуу пландалууда.   Учурда ар кайсы өлкөнүн инвесторлору менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Долбоордун баасы болжол менен эки миллион доллар же… Кененирээк…

Чолпон-Атадагы сел 30 үйдү каптаган

Чолпон-Атада кечээки селдин кесепетин жоюу иштери уланууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан жеринде 85 адам иштеп жатат. Чоң көлөмдөгү оор жумуштарды аткарууга 8 техника тартылган.   20-сентябрда нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел суусу 30 үйдү, эки банк имаратын, бир дүкөндү жана ички жолдорду каптаган.… Кененирээк…

Ордо калаада дагы бир жаңы сквер курулууда

Ордо калаада дагы бир жаңы сквер курулууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, сквер Биринчи май районунда Нариманов жана Алтай тилкелеринин кесилишинде пайда болот.   Ишти ушул айдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.   Белгилеп кетсек, бул жер буга чейин кароосуз калган.

«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» күз-кыш мезгилине 85 пайыз даяр

«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» күз-кыш мезгилине 85 пайыз даяр. Бул тууралуу Novosti.kgге аталган ишкананын басма сөз кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева билдирди.   Маалыматка ылайык, калган жумуштар октябрь айынын аягында толугу менен жыйынтыкталат.   Учурда көмөк чордон, ток өткөргөн линиялар жана тийиштүү жабдыктар оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.

Бишкектин Токтогул көчөсүндө унаа токтоткондорго айып салынат

Бүгүнтөн тарта Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү веложолго унаа токтоткондорго айып салынууда. Бул тууралуу Novosti.kgге Транспорт департаментинин башчысынын орун басары Улан Уезбаев билдирди.   Анын айтымында, эгер айдоочу ордунда жок болсо, унаа эвакуацияланат.   Эске салсак, Токтогул көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабына… Кененирээк…

Оштогу жаңы өтмөктө төрт лифт тесттик режимде ишке киргизилди

Ош шаарындагы жаңы өтмөктө төрт лифт тесттик режимде ишке киргизилди. Мэриядан билдиришкендей, лифттер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана улгайган жарандар үчүн каралган.   Сыноо режими 10 күнгө созулат.

Эми чет элдик тасмалар кыргыз тилинде субтитр менен чыга баштайт

Эми чет элдик тасмалар кыргыз тилинде субтитр менен чыга баштайт. Бул тууралуу “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунун директору Талантбек Төлөбеков билдирди.   Анын айтымында, киноборбор бул боюнча ири дистрибьюторлор менен макулдашкан.   Жарандар кыргызча субтитрлери бар алгачкы тасмаларды келерки жылдын жаз айларында көрөт деп күтүлүүдө.