Тунисте британиялык спортчунун экстремалдуу марафону жыйынтыкталды

Тунисте британиялык спортчунун экстремалдуу марафону жыйынтыкталды.   Расса Кука Африка аймагын толугу менен чуркап өтүү максатын койгон.  16 мамлекетти чуркап өтүү үчүн ага 352 күн талап кылынды.   Каттам өткөн жылдын апрель айында Африканын түштүк чекити болгон Лагулас кыштагында башталып, континенттин батыш жээги менен өткөн.… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда майрамдык айт намаз борбордук аянттарда эмес, мечиттерде окулат

Быйыл Кыргызстанда майрамдык айт намаз борбордук аянттарда эмес, мечиттерде окулат. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чечим акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу элдин коопсуздугун эске алуу менен кабыл алынды.   Эске салсак, Кыргызстанда эртең Орозо айт майрамы белгиленет. Орозо айт Рамазан айынын аякташын билдирет.

Кемин районунда 14,5 чакырым изоляцияланган аба чубалгысы тартылып,  857 электр мамысы алмаштырылат

Кемин районунда 14,5 чакырым изоляцияланган аба чубалгысы тартылып,  857 электр мамысы алмаштырылат.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, күз-кыш мезгилине карата даярдоо иштеринин алкагында 73 трансформатор оңдолуп, 368 көмөк чордон жана 42 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.   Буга байланыштуу пландык оңдоо иштеринин жүрүшүндө электр энергиясын… Кененирээк…

БШК үч округ боюнча мөөнөткө чейинки шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмесин жарыялады

БШК үч округ боюнча мөөнөткө чейинки шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмесин жарыялады. Шайлоочулардын аты-жөнү “Тизме” порталында жеткиликтүү.   Баткен округунда 112 миң добуш берүүчү, Ош округунда – 125 миң жана Кара-Суу округунда – 112 миң адам катталган.   Жарандар 12-апрелден  17-апрелге чейин жеке маалыматын… Кененирээк…

Тайланд Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө шенген визасынын аналогун сунуштады

Тайланд Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө шенген визасынын аналогун сунуштады. Падышачылыктын премьер-министри акыркы айда бул тема боюнча сүйлөшүүлөрдү Камбоджа, Лаос, Малайзия, Мьянма жага Вьетнамдагы кесиптештери менен жүргүздү.   Эгер чечим кабыл алынса, бүт дүйнөдөн келген саякатчылар аталган алты мамлекет ортосунда ээн-эркин жүрө алышат.   Андан тышкары, визанын… Кененирээк…

Кыргызстан Казакстанга 300 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Казакстанга 300 тонна гуманитардык жардам жөнөттү.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жүк суу ташкындан жабыркаган казакстандыктарга багытталат. Анда кумшекер, өсүмдүк майы, күрүч, макарон жана дан азыктары, жылуу төшөктөр, чатырлар бар. Гуманитардык жардам менен жүктүн алгачкы колоннасы 6-апрелге жөнөтүлгөн.

Кыргызстанда күйүүчү майлоочу материалдын баасы кымбаттаганы катталды

Кыргызстанда күйүүчү майлоочу материалдын баасы кымбаттаганы катталды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, март айында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 70 сом 20 тыйындан сатылса, учурда 71 сом  48 тыйындан сатылууда.   Ал эми АИ-92 бензинин баасы 1 сом 40 тыйынга көтөрүлдү.   Учурда айдоочулар бул… Кененирээк…

Ордо калаада “Бишкек сельмаш” буу казаны толугу менен реконструкцияланып, жаңы ЖЭБке айланат

Ордо калаада “Бишкек сельмаш” буу казаны толугу менен реконструкцияланып, жаңы ЖЭБке айланат. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.   Анын айтымында, бул долбоор бийлик тарабынан өткөн жылдан бери каралып, 2024-жылы гана тиешелүү келишимдер жетишилди. Жаңы жылуулук-энерго борборунун кубаттуулугу электр өндүрүү боюнча 100… Кененирээк…

Ош облусунда 2024-жылы үлүштүк гранттардын эсебинен 86 долбоор ишке ашырылат

Ош облусу боюнча 2024-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 257,3 млн сом суммасында 86 долбоор бекитилди. Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинде: • Кара-Кулжа районунун 12 объектисине 35,3 млн сом; • Араван району — 7 объектиге 21,8 млн сом; • Кара-Суу району… Кененирээк…

Битир садаганы орзо аяктаганга чейин берүү керек

Битир садаганы орзо аяктаганга чейин берүү керек.   Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан эскертишти. орозо айында берилүүчү зекет 1 адамга   1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар.   Бул базар баасы менен алганда бир адамга 50 сомдон эсептелет. Буудайдан тышкары ун, мейиз, арпа, курманын баасы… Кененирээк…