Түштүк Кореяда мобилдик интернетке жалпы жеткиликтүүлүк киргизилет

Түштүк Кореяда мобилдик интернетке жалпы базалык жеткиликтүүлүк киргизилет.   Эми өлкөдөгү ар бир абонент төлөнгөн тарифи бүткөндөн кийин да мобилдик интернетти колдоно алат. Бирок интернеттин ылдамдыгы секундасына 400 килобитке чейин төмөндөтүлөт.   Мындай ылдамдыкта текст, мессенджерлер иштейт, жөнөкөй сайттар ачылат, бирок видео көрүү же чоң… Кененирээк…

Көпчүлүк жубайлар үй иштерин тең бөлүштүрүү керек деп эсептешет

Көпчүлүк жубайлар (58%) үй иштерин тең бөлүштүрүү керек деп эсептешет. Ошол эле учурда социологдордун маалыматы боюнча, дээрлик төрттөн бири ар кимдин өз жоопкерчилик аймагы болгону жакшы деп санайт: бирөө тамак жасаса, экинчиси таштанды чыгарат.   Сурамжылоого катышкандардын дээрлик 70% эң жактырбаган үй жумушу катары терезе… Кененирээк…

Италия ооруп калган үй жаныбарларын кароо үчүн эмгек өргүүнү мыйзамдаштырды

Италия дүйнөдө биринчи болуп ооруп калган үй жаныбарларын кароо үчүн эмгек өргүүнү мыйзамдаштырды.   Эми иш берүүчүлөр кызматкердин ити же мышыгы ооруп калса же өлүп калса, үч күнгө чейин төлөнүүчү өргүү берүүгө милдеттүү. Мурда мындай тыныгуулар туугандарга байланыштуу үй-бүлөлүк жагдайлар үчүн гана берилчү.   Жаңы… Кененирээк…

Окумуштуулар мээнин эрте картаюусунун негизги себептерин аташты

Lenta.ru сайты жазгандай, айлана-чөйрөнүн булганышы менен социалдык теңсиздиктин айкалышы мээнин картаюусун тездетет.   Абанын булганышы, жогорку температура жана жашыл аймактардын жетишсиздиги сыяктуу факторлор мээнин түзүлүшүнө, өзгөчө эс тутум жана эмоцияларга жооп берген бөлүктөрүнө таасир этет.   Ал эми жакырчылык, теңсиздик жана узакка созулган стресс көбүнчө… Кененирээк…

Дүйнөлүк базарда мунайдын баррели 100 доллардан ашты

Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы баррелине дээрлик 120 долларга чейин жетип, кийин кайра төмөндөдү. Ал эми West Texas Intermediate (WTI) үлгүсүндөгү мунайдын баасы баррелине 119 долларга жетти. Бирок соода учурунда ал да бир аз артка чегинди.   Ошого карабастан дүйнөлүк рынокто кара майдын баасы 100 доллардан… Кененирээк…

Дүйнөдө 220 миллиондон ашык бала ашыкча салмактан жабыркашы мүмкүн

Чечкиндүү чаралар көрүлбөсө 2040-жылга чейин дүйнөдө 220 миллиондон ашык бала ашыкча салмактан жабыркашы мүмкүн.   Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, 2025-жылга карата дүйнө жүзү боюнча болжол менен 180 млн бала семирүүдөн жабыркай турганы болжолдонгон.   Ал эми 14 жылдан кийин 5 жаштан 19 жашка чейинки… Кененирээк…

Швецияда мышыктарды үйдө жалгыз калтырууга тыюу салынды

Швецияда мышыктарды үйдө күн бою жалгыз калтырууга мыйзамдуу түрдө тыюу салынды.   Жаңы эрежелерге ылайык, ар бир швед мышыгынын төшөгү жана тырмагычы бар жеке мейкиндиги болушу керек.   Мындан тышкары, ээлери күнүнө кеминде эки жолу жаныбар менен ойношу милдеттендирилген. Өлкө бийлиги бул чаралар үй жаныбарларынын… Кененирээк…

8-мартта аялдар алгысы келбеген белектер аталды

Социологдордун изилдөөсүнө ылайык, 8-мартка эң кааланбаган белектер катары аялдар тараза, жумшак оюнчук, целлофанга оролгон бир даана роза жана турмуш-тиричилик буюмдарын аташкан.   Ал эми алгысы келген белектердин катарына сурамжылоого катышкан айымдардын ар үчүнчүсү атыр жана косметикалык каражаттарды кошушкан.   Таасир калтырган белектерди — саякат же… Кененирээк…

Японияда алгачкы жолу учкучсуз учуучу автоунаа сыноодон өткөрүлдү

Аппарат Токио булуңунун үстүндө ийгиликтүү көтөрүлүп, 3,5 мүнөт абада болуп, бул убакытта 150 метр аралыкты учуп өттү.   Түзүлүшү жагынан ал чоңойтулган квадрокоптерди эске салат. Салону үч адамга ылайыкталган.   Ыкчам өлчөмдөрүнүн аркасында аппарат тик учакка орун жетпей турган жайларга мисалы, имараттардын чатырларына же жыш… Кененирээк…

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга  10 млн сум акчалай сыйлык берилет

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга  10 млн сум акчалай сыйлык берилет.   Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет.Бул чара жаштардын китепке болгон кызыгуусун арттырууга жана заманбап улуттук адабиятты өнүктүрүүгө багытталган.