АКШда “Дьявол носит Prada” тасмасындагы үй сатылды

АКШда “Дьявол носит Prada” тасмасындагы үй сатылды. Турак-жайдын баасы – 26,5 миллион доллар. Тасмада ал журналдын башкы редактору Миранда Пристлинин үйү болчу.   Бул ролду актриса Мэрил Стрип аткарган. Үй 6 кабаттан, 20 бөлмөдөн,   10 жуунучу жайдан жана бир нече ашканадан турат. Анда ошондой эле… Кененирээк…

Австралияда ырчы Тейлор Свифттин чыгармачылыгынын таасирине арналган илимий конференция өтөт

Австралияда ырчы Тейлор Свифттин чыгармачылыгынын таасирине арналган илимий конференция өтөт. Иш-чара “Свифтпозиум” деп аталат. Ал февраль айына белгиленди, ушул эле күндөрү ырчынын аталган өлкөгө гастролдору дагы бар.   Кошумчалап кетсек, “Свифтпозиум” – бул гибриддик конференция, анын алкагында окумуштуулар Тейлор Свифттин популярдуулугу жана поп-маданиятка тийгизген таасири… Кененирээк…

Бишкектин “Дордой” конушунда бала бакча курулууда

Бишкектин “Дордой” конушунда бала бакча курулууда. Мэрия маалыматына ылайык, имарат 140 бөбөккө чакталат. Анда окуу класстары, оюн бөлмөлөрү, музыкалык залдар, эс алуу аймагы жана ашкана каралган.   Учурда объекттин ички жасалгасы жүрүп, айланасы көрктөндүрүлүп жатат.

Кыргызстан балбандары дүйнөлүк рейтингде өзүнүн салмак категорияларында биринчи орунга көтөрүлдү

Кыргызстан балбандары дүйнөлүк рейтингде өзүнүн салмак категорияларында биринчи орунга көтөрүлдү. Тагыраак айтканда, Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясында, грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков лидер боло алды.   Аталган рейтинг дүйнө чемпионатынан кийин жаңыланган. Кыргызстандык үч балбан тең бул мелдештен алтын медаль уткан.

Бишкек – Шарм-эш-Шейх чартердик каттамы 2-октябрдан тарта кое берилет

Бишкек – Шарм-эш-Шейх чартердик каттамы 2-октябрдан тарта кое берилет. Бул тууралуу novosti.kgге “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришти.   Каттам жумасына эки ирет – дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү аткарылат. Кыргызстандыктар Египеттин аталган курорттук аймагына кыштын аягына чейин түз учуп бара алат.

Бишкектин дагы бир борбордук көчөсүндө коомдук транспорт үчүн тилке пайда болот

Бишкектин дагы бир борбордук көчөсүндө коомдук транспорт үчүн тилке пайда болот. Транспорт департаментинен билдиришкендей, автобус үчүн атайын сызык Байтик Баатыр көчөсүнүн Масалиев – Кулатов тилкесинде жана Абдрахманов көчөсүнүн Кулатов – Жибек Жолу тилкесинде түшүрүлөт.   Тилке жыл аягына чейин киргизилет деп пландалууда.   Жаңычылдык үч… Кененирээк…

Бишкек мэриясы “Ош” базары менен Батыш автобекетин көчүрүүнү пландап жатат

Бишкек мэриясы “Ош” базары менен Батыш автобекетин көчүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдирди.   Анын айтымында, объектилер Пригородное айылынын тышында орун алат. Иштер 2024-жылы башталат. Учурда көчүрүүнүн механизмдери иштелип, эскиздер даярдалып жатат. Ал эми Чыгыш автобекети Алматы көчөсү… Кененирээк…

Кыргызстанда катталган дүйнөлүк компаниялар 2022-жылы 410 миллион сом салык төктү

Кыргызстанда катталган дүйнөлүк компаниялар 2022-жылы 410 миллион сом салык төктү. Кеп Meta, Apple, Bloomberg, Google, Яндекс сыяктуу электрондук кызмат көрсөткөн 48 компания тууралуу болуп жатат.   Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди. Анын айтымында, чет өл көлүк 48 компания Кыргызстандын… Кененирээк…

Бишкек – Нячанг чартердик каттамы 30-октябрдан тарта ачылат

Бишкек – Нячанг чартердик каттамы 30-октябрдан тарта ачылат. Бул тууралуу novosti.kgге “Манас” аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришти. Рейстер 30-мартка чейин аткарылат деп пландалууда.   Учурда Вьетнам менен каттамды ишке ашыруу боюнча макулдашуу, учуу убактысын тактоо иштери жүрүп жатат.   Белгилеп кетсек, учурда эки шаарды бириктирген түз… Кененирээк…

Ордо калаанын Киргизия – 1 конушунда жаңы бала бакча пайда болду

Ордо калаанын Киргизия – 1 конушунда жаңы бала бакча пайда болду. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 бөбөккө чакталат. 2 кабаттуу имаратта медициналык жай, оюн залдары, ашкана жана музыкалык бөлмөлөр каралган.   Долбоордун сметалык баасы 118 миллион сомду түзүп, каражат шаар бюджетинен бөлүнгөн.