Бишкекте Чүй проспекти кеңейтилет

Бишкекте Чүй проспекти кеңейтилет.   Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаардык Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти Чүй проспектинин Курманжан Датка көчөсү менен кесилишинде унаа кыймылын тартипке келтирүү схемасын иштеп чыкты.   Буга байланыштуу 29-майдан тарта жол белгилерин жаңыртуу, газон тилкесин кичирейтүү менен жолду… Кененирээк…

Кыргызстандын мектептеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынды

Кыргызстандын мектептеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров койду.   Ага ылайык, 1-класстан   11-класска чейинки мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга, мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат, ал эми мектептерди оңдоого жана зарыл нерселерди сатып алууга каражат мамлекеттик бюджеттен гана бөлүнөт.

Бүгүн 200дөн ашык адам Ысык-Көлдүн жээгин тазалайт

Бүгүн Ысык-Көл облусунда масштабдуу «Таза Ысык-Көл» экологиялык акциясы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын демилгечиси, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, ага мамлекеттик органдардын кызматкерлери, экоактивисттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бизнес-коомчулук катышат. «Ысык-Көлдүн жээгин тазалоо боюнча иш-чарага 200дөн ашык адам келет», —… Кененирээк…

Билим берүү жана илим министринин орун басары дайындалды

Аида Рысбаева билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Министрликтин жамаатына жаңы орун басарды президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Миргазы Исаков тааныштырды.… Кененирээк…

Равшан Жээнбековдун аялы Салкынай Алимбаева эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту абактагы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алды. Бул тууралуу маалыматты райондук соттон ырасташты.   Аны камакка алуу боюнча өтүнүнчү УКМКнын тергөөчүлөрү келтирген. Алимбаеванын адвокаттары камакка байланышпаган чара кабыл алууну суранган. Мунун алдында… Кененирээк…

Кыргыз-кытай соода борборун түзүү боюнча меморандумга кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстанда иш алып барууга кызыкдар 30дан ашуун кытай ишкерлеринин катышуусундагы “Кыргызстан — Кытай” бизнес жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Төрөбаев Кыргызстан эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон… Кененирээк…