Айыл чарба министрлиги аз камсыздалган үй-бүлөлөргө социалдык программа ишке киргизет

Айыл чарба министрлиги аз камсыздалган үй-бүлөлөргө социалдык программа ишке киргизет. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Бакыт Төрөбаев билдирди.   Анын айтымында, механизм Эмгек министрлиги тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан “Социалдык келишим” долбооруна окшош болот.   Программанын алкагында муктаж жарандарга жер тилкеси же аары чарбачылыгы берлет. Учурда… Кененирээк…

Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казып алуу иштери башталды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунда Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казып алуу боюнча долбоорду ишке киргизүүгө старт берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Адылбек Касымалиев бул кенди казуунун мындай ыкмасы алтын өндүрүүнү көбөйтүүгө, ошондой эле… Кененирээк…

Нарында булгаарыны жана тыбытты кайра иштетүү иши жанданат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жазгы талаа жумуштарынын башталышы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүп жатып, кайра иштетүү өнөр жай жана логистика тармактарында аткарыла турган иштерге токтолду.   Министрлер кабинетинин… Кененирээк…

Быйыл азык-түлүк коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жазгы талаа жумуштарынын башталышы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүп жатып, айыл чарба багытындагы үрөөнчүлүк, көчөт, тоют жана асыл тукум мал чарбачылыгы тармактарында аткарыла турган… Кененирээк…

Тогуз-Тородо хоккей аянтчасы ишке берилди

Тогуз-Торо районунда хоккей аянтчасы курулуп, ишке берилди. Аянтчанын ачылышы өткөн дем алыш күндөрү болуп, анда Миң-Куштун жана Тогуз-Торонун хоккейчилери беттешкен. Тогуз-Торо хоккей лигасынын президенти Турдалы Аскарбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ачык асман алдындагы аталган аянтчаны курууга Каргалык айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана Тогуз-Торо өнүктүрүү фондунан 1,5 млн… Кененирээк…

Бишкекте эртең, 16-февралдан тарта №8 автобус каттамынын схемасы жарым-жартылай өзгөрөт

Бишкекте эртең, 16-февралдан тарта №8 автобус каттамынын схемасы жарым-жартылай өзгөрөт. Муниципалитететтен билдиришкендей, мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.   №8 автобус Орок айылынан Алтын-Ордо конушуна чейин каттайт. Узундугу 49 чакырым, автобустардын аралыгы 10-12 мүнөт. Бул линияга 15 автобус чыгат.

Кыргызстанга өткөн жылы дээрлик 185 миң унаа импорттолду

Кыргызстанга өткөн жылы дээрлик 185 миң унаа импорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Сырттан ташылган машиналардын жалпы баасы 2 миллиард 767 миллион долларды түзгөн.   Өлкөгө 61 мамлекетте өндүрүлгөн машина кирген. Көбү Кытайдан,Түштүк Кореядан жана Россиядан импорттолду. Эске салсак, 2022-жылы Кыргызстанга 41 миң унаа… Кененирээк…

Бишкекте аялдамадан сыналгы уурдалды

Бишкекте аялдамадан сыналгы уурдалды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамадан белгисиз адамдар эшикти сындырып, сыналгыны уурдап кетишкен.   Учурда бул маселе укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө. Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун КР мыйзамдарын бузбоого жана башка адамдардын мүлкүнө аяр… Кененирээк…

АКШда “акылдуу” сөйкө чыгарылды

АКШда “акылдуу” сөйкө чыгарылды. Алар ээсинин ден-соолугу жөнүндө бардык маалыматты чогулта алат.   Биринчи кезекте мындай зер буюм колдонуучунун дене табын жана сырттагы аба-ырайынын температурасын каттайт.   Алынган маалымат стресс, оорулар, физикалык көнүгүүлөр, тамактануу жана башка бир катар көрсөткүчтөрдү анализдөөгө жардам берет. Сөйкөнү бир кубаттап,… Кененирээк…

Кыргызстанда эртең кескин суук түшөт

Кыргызстанда эртең кескин суук түшөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетиши мүмкүн.   Ишембиге караган түнү аймактарда -20 градуска чейин суук болот. Ал эми Бишкекте алдыдагы эс алуу күндөрү -10 градус, түнкүсүн -18 градус суук болушу күтүлүүдө.