Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар консулдук кызматты тейлөө борборлорунан ала алышат

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар консулдук кызматты тейлөө борборлорунан ала алышат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, пилоттук долбоор 1-марттан баштап ишке киргизилип, азырынча бир жылга созулат.   Жаңычылдык Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдуктары жок жерде жарандарга кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууга багытталган.   Тышкы иштер министрлиги ошондой эле Россияда тейлөө… Кененирээк…

Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу макалалар Бельгиянын бир нече журналына чыкты

Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу макалалар Бельгиянын бир нече журналына чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн аталган мамлекеттеги элчилигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, «Кыргызстан – тоо сүйүүчүлөрүнүн жаңы багыты» аттуу макала бир нече жергиликтүү журналдарга жана интернет булактарында англис, француз жана түрк тилдеринде басып чыгарылды.   Аталган макала… Кененирээк…

Бишкекте бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештин биринчи күнү килемде күрөштүн эркин стили боюнча беттештер өтүүдө.   Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынап жатышат: Кыз-келиндер арасында эркин… Кененирээк…

Бош жумуш орундар жарманкеси 20,4 миңден ашык жумушсузду камтыды

Үч жылдын ичинде бош жумуш орундардын жарманкелери 20,4 миңден ашык жумушсузду камтыды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Германиянын Эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» кыргыз-герман долбоорунун жыйынтыгын чыгарууда билдирди.… Кененирээк…

Бишкекте Эне тилдин эл аралык күнү белгиленди

Бишкек шаарында Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган иш-чара өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, саамалыкка мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элвира Ниязбекова катышты.… Кененирээк…

Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды

Казань шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктүн ачылышы президент Садыр Жапаровдун Татарстанга жумушчу сапарынын алкагында болду.   Эми Кыргызстандын жарандары мыйзамда белгиленген консулдук кызматтардын бардык түрлөрүн алуу үчүн Башкы консулдукка кайрыла алышат.

Жеке мектептерде кыргыз тили боюнча билим берүүгө мониторинг жүргүзүлөт

Кыргызстандагы жеке мектептерде кыргыз тили боюнча билим берүүгө мониторинг жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.   Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү буйрук даярдалып жатат. Ал эми жаңы окуу жылынан тарта мектептин менчик түрүнө жана тилдик окуусуна карабастан 60% кыргыз класстары киргизилет,… Кененирээк…

Кыймылсыз мүлкү сатуу жана сатып алуу процессин онлайн каттоо мүмкүн болот

Кыргызстанда 1-марттан тарта кыймылсыз мүлкү сатуу жана сатып алуу процессин онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке ашат. Бул тууралуу Novosti.kgге Президенттин Администрациясынын санарип өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев билдирди.   “Азыркы пилоттук этапта батирлер гана онлайн катталат. Алгач жаран үйдүн ээси болушу керек. Андан кийин… Кененирээк…

Жеке мектептердеги кыргыз тилине мониторинг жүргүзүлөт

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөдөгү жеке мектептерде кыргыз тили боюнча билим берүүгө мониторинг жүргүзүлөрүн билдирди. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин 21-февралдагы сессиясында айтты.   “Азыр буйрук даярдалып жатат. 199 жеке менчик мектеп бар. Ошол жердеги окуу пландарында белгиленген кыргыз тилин өтүү боюнча… Кененирээк…

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Баткендеги филиалынын курулушу июль айында аяктайт

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Баткендеги филиалынын курулушу июль айында аяктайт. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясы билдирди. Иса Ахунбаев атындагы академиянын көп тармактуу окуу-дарылоо мекемесинин курулушуна  603,5 миллион сом багытталган.   Окуу корпусунан тышкары жатакана дагы салынып жатат. Ага жеке ишкерлер 93 миллион сом бөлгөн.  … Кененирээк…