Балыкчы – Бишкек жүргүнчү поездинин курамына VIP-класстагы вагон кошулду

Балыкчы – Бишкек жүргүнчү поездинин курамына VIP-класстагы вагон кошулду. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, ал бардык коопсуздук талаптарын эске алуу менен түзүлгөн.   Анын ички жасалгасы улуттук элементтерди камтыйт. Вагондо чоң айнектер, кондиционер, сыналгы жана Wi-Fi бар. Ыңгайлуу шарттар менен Балыкчыга каалоочулар жакынкы… Кененирээк…

Ордо калаада цирк имараты калыбына келтирилет

Ордо калаада цирк имараты калыбына келтирилет. Бул тууралуу президент администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, имаратта толугу менен вентиляция жана жылуулук системасы жаңыртылат.   Андан тышкары, бардык тиешелүү заманбап шарттарды түзүү пландалууда. Оңдоо иштери 5 айга созулат. Белгилеп кетсек, цирк имараты 50 жыл мурда курулуп, бир дагы… Кененирээк…

Бир мандаттуу Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого 13 миллион 200 миң сом жумшалат

Бир мандаттуу Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого 13 миллион 200 миң сом жумшалат. Бул тууралуу БШКнын бүгүнкү отурумунда жарыяланды. Комиссия мүчөлөрү анда кайра шайлоону 10-сентябрда өткөрүү чечимин кабыл алып, чыгымдардын сметасын бекитти.   Кайра шайлоонун чыгымдары азайтылды, алсак, 28-майда өткөн добуш берүүгө 18… Кененирээк…

Дарыгерлер аптаптуу ысыкта энергия бере турган азыктарды атады

Дарыгерлер аптаптуу ысыкта энергия бере турган азыктарды атады. Сунуштарга ылайык, жайкысын кофе-чайдан такыр эле баш тартуу оң. Анткени, алар организмдеги сууну чыгарып салат.   Этке бай бирок ошол эле учурда оор тамактарды жебей, тандоону жеңил, жемиштүү тамак-ашка берүү керек. Жакшы абалда болуу үчүн көп-көптөн кыймылдап… Кененирээк…

Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы мектеп пайда болот

Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, Токтогул айылында жайгашкан Шопоков атындагы билим берүү мекемесинин жаңы имараты 225 окуучуга чакталат.   Анда окуу класстарынан тышкары медициналык кабинет, акты жана спорт зал, музыка классы каралган. Мектептин курулушу ушул… Кененирээк…

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынды

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынды. “Жарнама жөнүндө” мыйзамына  өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбооруна Садыр Жапаров кол койду.   Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда мыйзамга ылайык, организмге сергитүү таасирин камсыз кылган кофеин жана башка сергитүүчү кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундук катары саналат.   Мыйзамдын… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкүдөн тосуучу галерея сентябрда колдонууга берилет

Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкүдөн тосуучу галерея сентябрда колдонууга берилет.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жакынкы арада объектти ведомство балансына өткөрүү процедурасы башталат.   Жайдын аягына чейин бардык иштер аяктап, галерея ишке кирет. Эске салсак, объект Бишкек – Ош трассасынын 246-чакырымында… Кененирээк…

Баткенде ажылык сапардан келе жаткан жарандар үчүн “жардам көрсөтүү” жайлары уюштурулду

Баткен облусунда ажылык сапарга баргандарды тосуп алуу, аларга керектүү жардамдарды жеринде көрсөтүү максатында “жардам көрсөтүү” жайлары уюштурулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, алыскы ажылык сапардан келе жаткан жарандар аба ырайынын ысыктыгынан, узак жолдон, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж болуп калган… Кененирээк…

Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу ГЭСине Австриядан жабдуу алынат

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бала-Саруу ГЭСине керектүү жабдууларды алууга байланыштуу Австрияга жумушчу сапар менен барды. Аталган министрликтин басма сөз кызматы анда министр Венадагы «Global Hydro Energy» заводунда болуп, жабдуулар сыноодон өткөрүлгөнүн, техникалык көзөмөл жүрүзүлгөнүн билдирди. «Бала-Саруу ГЭСине керектүү гидротурбиналык жабдууга кирген спиралдык камера, турбина алдындагы… Кененирээк…

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар жаңы окуу жылына карата даярдалууда

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар жаңы окуу жылына карата даярдалууда. Мэриянын маалыматына ылайык, башкы тизмеге 54 билим берүү объек кирди. Имараттарда жылуулук системасы оңдолуп, чатыр жаңыртылууда.   Ошондой эле кабелдер алмаштырылып, электр монтаж иштери аткарылып жатат.