Джонни Депп Эмбер Хердден өндүргөн каражатын кайрымдуулукка жумшоону чечти

Америкалык актёр Джонни Депп мурдагы жубайы Эмбер Хердден сот аркылуу өндүргөн каражатын кайрымдуулукка жумшоону чечти.   Актёр бардык сумманы балдарды коргоо менен алектенген беш уюмга жөнөтөт. Алардын экөөнүн башында Джонни Депптин кумирлери — Пол Ньюман жана Марлон Брандо турган.   Кайрымдуулук да көзү өтүп кеткен… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн пляждарына тосмолорду орнотууга тыюу салынды

Ысык-Көлдүн жээгине тосмолорду орнотууга тыюу салынды.   Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусунун тургундарынын көл жээктерине тоскоолдуксуз кирүү жөнүндө бир жыл мурун чыгарган жарлыгына өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, Ысык-Көлдүн жээктерине адамдардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон тосмолор, тагыраагы дубал, торчо, темир торлор алынат… Кененирээк…

Бишкектин Арча-Бешик конушуна ичүүчү суу графикке ылайык берилет

Бишкектин Арча-Бешик конушуна ичүүчү суу графикке ылайык берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, суу эртең таңкы саат 7ден түнкү 11ге чейин конуштун жогорку бөлүгүнө, 16-июнь күнү ушул эле убакта төмөнкү бөлүгүнө, анын эртеси кайра жогорку бөлүгүнө, кийин төмөнкү бөлүгүнө берилет. Мындай график 18-июнга… Кененирээк…

Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт

Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу мындай коркунуч 18-июнга чейин сакталат.   Негизинен тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Куткаруучулар жарандарды жолдордо сак болууга чакырат.

Кыргызстан желим баштыктан баш тартат

Кыргызстан желим баштыктан кагаз баштыкка этап-этабы менен өтүүнү көздөп жатканын вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, өкмөт тиешелүү токтом долбоорун даярдап жатат.   Документте келерки жылдан тарта полиэтилен баштыктарын өлкөгө алып кирүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана акысыз таратууга болбой турганы жазылган.

Мектепке электрондук каттоонун 1-этабы 25-июнда жыйынтыкталат

Мектептерде 1-класстын окуучуларын электрондук каттоонун биринчи этабы 25-июнда жыйынтыкталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигин эскертет.   Ведомстводон билдиришкендей, учурда каттоо туруктуу жашаган жери боюнча жүрүп жатат. Экинчи этап баланын катталган жерине карабастан, 26-июндан 31-августка чейин өткөрүлөт.   Эске салсак, документтерди тапшыруунун бардык процедуралары mektep.edu.gov.kg порталында… Кененирээк…

Баткенде 44 социалдык объекттин курулушу жүрүүдө

Баткенде 44 социалдык объекттин курулушу жүрүүдө.   Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыл аягына чейин 14 мекеменин курулушун аяктоо, пайдаланууга берүү пландалууда. Алардын арасында мектеп, саламаттык сактоо мекемеси, маданият үйү, турак жай жана таза суу менен камсыздоочу объекттер бар.   Курулушка республикалык бюджеттен 266 миллион сомдон… Кененирээк…

Бишкектин Дэн Сяопин проспектиси көрктөндүрүлүп жатат

Дэн Сяопин проспектисин Алыкулов көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки батыш кире бериш бөлүгүн көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, аталган көчөдө тротуарларды, веложолдорду жасоо, жаңы ирригацияны куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу пландалууда.   Учурда жашыл катмарын кыркып, сырткы тармактарды өткөрүп, дүмүрлөрдү жулуп, ирригациялык жана тротуарларды орнотуу иштери башталды.… Кененирээк…

Ошто курулушу 8 жылга созулган бала бакча пайдаланууга берилди

Ошто курулушу 8 жылга созулган бала бакча пайдаланууга берилди. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Кара-Суу районунун Талдык айылында жайгашкан.   Эки кабаттуу бала бакча 60 балага ылайыкталган. Ага жалпысынан  32 миллион сомдон ашык сарпталды.   Белгилеп кетсек, курулушу 2015-жылы эле башталган… Кененирээк…

Баткендеги чек ара окуясында жарабай калган үйлөрдүн сегизи бүтө элек

Баткендеги чек ара окуясында жарабай калган үйлөрдүн сегизи бүтө элек. «Азаттык» алардын бирөө Достук айылында, жетөө Ак-Сай жана Капчыгай айылдарында экенин, тамдар ушул айдын ичинде бүткөрүлүп, пайдаланууга берилерин облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгына таянуу менен жазды.   Маалыматка ылайык, өкмөт убада кылган 417 үйдүн… Кененирээк…