Жалал-Абадка Бишкектен 50 жүргүнчү ташуучу автобус жеткирилет

Жалал-Абадка Бишкектен 50 жүргүнчү ташуучу автобус жеткирилет.   Мындай демилгени шаардык кеңештин депутаттары колдоду. Белгилеп кетсек, буга чейин коомдук транспортту берүү тапшырмасы президент администрациясы тарабынан берилген.

Бишкектин муниципалдык коомдук транспортунда бардык жеңилдиктер сакталат

Бишкектин муниципалдык коомдук транспортунда бардык жеңилдиктер сакталат. Бул тууралуу 24 агенттигине вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, автобус-троллейбустарда пенсионерлер, майыптыгы бар жарандар, 7 жашка чейинки балдар жана почта кызматкерлери акысыз жүрө алат.   Ал эми жеке автобустар жана маршруттук таксилерде эртең мененки саат 9дан кечки… Кененирээк…

Ордо калаада жеке медициналык клиникаларды жана стоматологиялык кабинеттерди текшерүү иштери жанданат

Ордо калаада жеке медициналык клиникаларды жана стоматологиялык кабинеттерди текшерүү иштери жанданат.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, рейддер 15-январдан тарта башталат деп пландалууда.   Текшерүүнүн жүрүшүндө лицензиясы жок иштеп жаткан медициналык мекемелер аныкталат. Андан тышкары, жеке мектептер, бала бакчалар жана коомдук тамактануу жайлар санитардык нормалардын… Кененирээк…

Германия Кыргызстанга 4,5 миллион евро бөлөт

Германия Кыргызстанга 4,5 миллион евро бөлөт. Каражат “Саламаттыкты сактоо инфраструктурасын жыйынтыктоочу каржылоо” долбооруна багытталат. Программанын алкагында азыркы жана келечекте пландалган инфраструктуралык долбоорлорду аягына чыгаруу каралат.   Анын ичинде Бишкек, Ош жана Таластагы перинаталдык борборлор, ордо калаанын кургак учукка каршы ооруканасы бар.   Жогорку Кеңеш тиешелүү… Кененирээк…

Бишкектин аянты 37 миң гектарга чейин кеңейет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык кеңешинин 27-декабрдагы отурумунда борборду кеңейтүү планы тууралуу айрым маалыматтарды берди. Анын сөзүнө караганда, долбоор боюнча Бишкектин аянты үч эсе кеңейтилип, 12 миң 900 гектардан 37,8 миң гектар болот. Ал шаарга сегиз айыл өкмөт жана төрт айыл өкмөттүн айрым… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолундагы “Сосновка” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, аба-ырайы кескин өзгөрүлүп, бороон болуп, көрүү начарлагандыктан, аварияларды алдын алуу максатында чоң унаалар өткөрүлбөйт.   Тоолуу райондорго сапарга чыгууну пландап жаткандарга жанында тайгактыкка каршы шаймандарды… Кененирээк…

Төө-Ашууда аба-ырайы кескин бузулуп, көрүү начарлады

Төө-Ашууда аба-ырайы кескин бузулуп, көрүү начарлады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты жана жол эрежелерин сактап жүрүшү керек.   Тоолуу райондорго сапарга чыгууну пландап жаткандар жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат.

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы бала бакча ачылды

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы бала бакча ачылды. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, 100 бөбөккө чакталган объект Арбын айылында жайгашат.   Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу 2018-жылы башталган. Иштер мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Ордо калаанын үй-булөлүк медицина борборлорунун иш убактысы узартылды

Ордо калаанын үй-булөлүк медицина борборлорунун иш убактысы узартылды. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти. Бейтапканалар 30-31-декабрда таңкы саат 8ден кечки 6га чейин иштейт.   Ошондой эле №3 шаардык балдар ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө дарыгерлер күнү-түнү нөөмөт жүргүзөт.   Борбордон эскертишкендей, Бишкекте сасык тумоо… Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире алдын ала маалымат боюнча  2024-жылдын 15-январынан тарта көтөрүлөт

Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире алдын ала маалымат боюнча  2024-жылдын 15-январынан тарта көтөрүлөт. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.   Белгилеп кетсек, жол акыны көтөрүү боюнча токтом долбоорун шаардык кеңеш бүгүн кабыл алды.   Документке ылайык, коомдук транспорттун бардык түрүндө жол кире накталай  20 сом,… Кененирээк…