Ошто жаңы бала бакча ачылды

Ошто жаңы бала бакча ачылды. Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, объект Амир-Тимур муниципалдык башкармалыгында орун алат. Бул жерде 56 миң адам жашайт.   Жаңы бала бакча болсо 100 орунга чакталган. Долбоордун сметалык баасы 48 миллион сомду түздү.

“Манчестер Ситинин” чабуулчусу Эрлинг Холанд УЕФА версиясы боюнча сезондун мыкты футболчусу деп аталды

“Манчестер Ситинин” чабуулчусу Эрлинг Холанд УЕФА версиясы боюнча сезондун мыкты футболчусу деп аталды. Норвегиялык оюнчудан тышкары бул наамга анан клубдагы өнөктөшү Кевин де Брейне жана учурда америкалык “Интер Майамиде” ойноп жаткан Лионель Месси талапкер болгон.   Кошумчалап кетсек, “Манчестер Сити” быйыл 4 турнирде жеңишке жетти… Кененирээк…

Сокулук районунда жаңы мектеп ачылды

Сокулук районунда жаңы мектеп ачылды. Мирное айылында жайгашкан жалпы билим берүү мекемеси 270 окуучуга чакталган. Мектеп ыңгайлуу билим берүү үчүн бардык заманбап жабдуулар менен камсыздалды.   Белгилеп кетсек, айылдын буга чейинки мектебинин имараты авариялык абалга келген.

Бишкек мэриясы автобекеттерди шаар четине чыгарууну пландап жатат

Бишкек мэриясы автобекеттерди шаар четине чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу novosti.kgге Транспорт департаментинин башчысынын орун басары Улан Уезбаев билдирди.   Анын айтымында, объектилерди курууга тилкелер аныкталды – Батыш автобекети Пригородное айылынын кире беришинде жайгашса, Чыгыш бекети – Дордой аймагында орун алат. Учурда жаңы вокзалдардын эскиздери… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасында “Бек-Абад” көзөмөл өткөрмө бекети ачылды

Кыргыз-өзбек чек арасында “Бек-Абад” көзөмөл өткөрмө бекети ачылды. Бул тууралуу Азаттыкка Жалал-Абад облусундагы президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Сузак району жана Өзбекстандын Ханабад шаары менен чектешкен жерде жайгашкан пункт 2009-жылдан бери жабык турган.   “Бек-Абад” чек ара өткөрмө бекетинен жөө жүргүнчүлөр жана жеңил унаа каттамдары өткөрүлөт.  … Кененирээк…

Парижде электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салынды

Парижде электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салынды. Шаар бийлиги бул кызматтарды көрсөтүп келген 3 миң жеке компания менен келишимди узартуудан баш тартты.   Муну менен Франция борбору электросамокаттарга тыюу салган биринчи европалык шаар болуп калды. Эми самокаттар башка шаарларга жана Германия, Польша, Улуу Британия, Израилге жөнөтүлөт.

Ысык-Көл облусунда үч кичи ГЭС курулат

Ысык-Көл облусунда үч кичи ГЭС курулат. Объектилер Жети-Өгүз районунда жайгашат, — деп Жашыл энергетика фондуна шилтеме келтирип Экономист басылмасы билдирет.   ГЭСтердин курулушуна старт берген капсуланы салуу аземи өттү. Станциялардын кубаттуулугу 4төн 6 мегаваттка чейин жетет. Курулуш иштери жакынкы арада башталып, 2025-жылы жыйынтыкталат деп пландалууда.

Ордо калаада эртен, 2-сентябрдан тарта коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкеде жүргөн айдоочуларга сайып салынып баштайт

Ордо калаада эртен, 2-сентябрдан тарта коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкеде жүргөн айдоочуларга сайып салынып баштайт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.   Айыптын суммасы 1 миң сомду түзөт, ал эми бир айдын ичинде төлөнсө – 300 сом. Эске салсак, Бишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер… Кененирээк…

Бишкекте автобус жана троллейбустарда жол кирени саатына төлөө системасын киргизүү пландалууда

  Бишкекте автобус жана троллейбустарда жол кирени саатына төлөө системасын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу novosti.kgге Транспорт департаментинин башчысынын орун басары Улан Уезбаев билдирди.   Анын айтымында, жаңы жана башка программалык камсыздоо системасын киргизүү пландалып жатат. Ага ылайык, шаар тургундары коомдук транспортко түшкөн сайын эмес, жарым… Кененирээк…

Бишкекте жаңы сквер ачылды

Бишкекте жаңы сквер ачылды. Мэриянын маалыматы боюнча, эс алуу аймагы Анкара көчөсүндө, Алтын-Ордо конушунун кире беришинде жайгашкан. Анын жалпы аянты жарым гектарды түзөт.   Ээн турган талаа көрктөндүрүлүп, көчө жарыгы, отургучтар жана таштанды челектери орнотулду.