Жалал-Абадда перинаталдык борбордун курулушуна капсула салынды

Жалал-Абад шаарында Перинаталдык борбордун курулушуна капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.   Маалыматка ылайык, объекттин курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен 2023-жылы каражат каралып, долборлоо-сметалык документтери иштелип чыккан.   Перинаталдык борбор кыз-келиндерге кош бойлуу, төрөткө чейинки, төрөт учурунда… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өтүүдө

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өтүүдө. Анда өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугууда.   Маалыматка ылайык, тараптар чек араны тактоо ишин күчөтүлгөн тартипте улантат.   Жолугушууда чек аранын чечилиши эки өлкөнүн коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн маанилүү экени белгиленди.

Бишкекте митингдерди чектеген чечим дагы узартылды

Бишкекте жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү дагы үч айга узартылды. Ага ылайык, 31-мартка чейин борбордук аянттар менен көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынат.   Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.

Бишкекте 13-14-январда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 13-14-январда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү болуп турат.   Ал ордо калаанын Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде эртең мененки саат 8ден кечки 6га чейин уланат.

«Электр станциялар» ишканасына жаңы башкы директор дайындалды

Таштан Коңурбаев «Электр станциялар» ААКтын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.   Маалыматка ылайык, ал ишкананын директорлор кеңешинин чечимине ылайык дайындалган.   Компаниянын мурдагы башкы директору Осмон Качкынбаев бул кызматты 2022-жылдын декабрь айынан бери аркалап келген.   «Электр станциялар» ААК мамлекеттин 98% электр… Кененирээк…

Zagreb Open: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова менен Нурзат Нуртаева килемге чыгат

Хорватияда күрөш боюнча 2024-жылдын биринчи рейтингдик турнири өтүүдө. Бүгүн эркектер жана аялдар арасында 6 комплект медаль ойнотулат.   Килемге Кыргызстандан эки спортчу — Айсулуу Тыныбекова менен Нурзат Нуртаева чыгат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 3тө башталат.

Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, документ былтыр 6-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.   Мыйзам Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.   Фонддун уставдык капиталы 500 миллион долларды… Кененирээк…

Күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 11-январда күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады.   8-9-январь күндөрү эркин күрөш боюнча балбандар күч сынашты. 57 кг салмак ченинде Алмаз Сманбеков, 61 кг Абдумалик Карачов, 65 кг Эрназар Акматалиев, 70 кг Канат Керимбеков, 74 кг Исламбек Орозбеков, 79… Кененирээк…

Ырчы Тейлор Свифттин мышыгы дүйнөдөгү эң бай жаныбарлардын тизмесинде үчүнчү орунду ээледи

Ырчы Тейлор Свифттин мышыгы дүйнөдөгү эң бай жаныбарлардын тизмесинде үчүнчү орунду ээледи.   Анын байлыгы 97 миллион долларга жетет. Мышык ырчынын клиптерине тартылып акча табат. Андан тышкары, ал жарнамалык роликтерге тартылат.   Рейтингдин сап башында немис овчаркасы турат, анын байлыгы 500 миллион доллар. 100 миллиондук… Кененирээк…

Бишкекте тыгындарды азайтууга жардам бере турган акылдуу светофорлорду орнотуу башталды

Бишкекте тыгындарды азайтууга жардам бере турган акылдуу светофорлорду орнотуу башталды. Мэрия маалыматына ылайык, система унаалар көбөйүп кеткенде кыймылды өзү башкарып турат. Электр жарыгы өчкөн учурда иштөө мөөнөтү 4-5 саатка чейин жетет.   Биринчи этапта ордо калаанын 21 жол кесилишине, андан кийин 100 кесилиште тиешелүү датчиктер… Кененирээк…