Жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу күчүндө

Кыргызстанда жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу күчүндө. Жаратылыш ресурстар министрлиги эскерткендей, кеп тоо эчкилери, койлор, эликтер жана уларлар жөнүндө болуп жатат. Эрежелер республиканын жарандарына да, чет элдиктерге дагы тиешелүү. Мындай тыюу 2026-жылга чейин күчүндө болот.

Билим берүү министрлиги кыска мөөнөттүү бала бакчаларды уюштурат

Билим берүү министрлиги кыска мөөнөттүү бала бакчаларды уюштурат. Ведомстводон билдиришкендей, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жалпысынан 280 объект ачуу пландалууда. Мектепке чейинки билим берген мекемелер 20 миңден ашык баланы камтый алат. Буга чейин тандалган имараттарды оңдоого жана башка шарттарга тендер жарыяланган. Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу… Кененирээк…

Кыргызстандан пияз экспорттоого чектөө киргизүү сунушталды

Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан пияз жана сарымсакты ЕАЭБдин аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштоодо. Мекеме мындай чаралар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу жана пияздын базар баасын турукташтыруу үчүн зарыл экенин белгилейт. Токтом долбоору талкууга коюлду.

Улуу Британияга Кыргызстандан эки миң жумушчу жөнөтүлөт

Улуу Британияга Кыргызстандан өкмөт аркылуу быйыл да жумушчулар жөнөтүлөт. Бүгүн 30-январда Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Улуу Британиянын өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү кол койгон келишимге ылайык, быйылкы жыл ичинде 2 миң кыргыз жараны бул өлкөгө барып, айыл чарбасында иштеп келе алат. Ар… Кененирээк…

Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Кумтөр кенине барды

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине барды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө алар негизги… Кененирээк…

Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 30 млн доллар насыя алат

Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 30 миллион доллар насыя алат. Тиешелүү келишим Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде бүгүн бир добуштан колдоо тапты. Каражат аз камсыз үй-бүлөлөргө каржылык жардам көрсөтүү үчүн жумшалат. Анын алкагында жалпысынан 23 миң адам жумуш менен камсыз… Кененирээк…

Бишкекте беш жаңы конушту газдаштыруу маселеси талкууланды

Быйылкы жылы Бишкектин Ак-Тилек, Ак-Тилек- 2, Ак-Тилек (турбаза), Бакай Ата, Ала-Арча конуштарын газдаштыруу күтүлүүдө. Бул тууралуу мэрияда өткөн абанын булганышы боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында талкууланды. Белгиленгендей, 2024-2025-жылдары Бишкектин чеке-белиндеги конуштарды толук газдаштыруу боюнча жол картасы иштелип жатат. Мэрия муну менен ордо калаадагы ыш маселесин… Кененирээк…

Машыгуу үчүн күндүн ыңгайлуу убактысы аталды

Америкалык окумуштуулар машыгуу үчүн күндүн эң ыңгайлуу убактысын атады. Адистердин айтымында, эртең менен көнүгүү жасоо кан басымды төмөндөтүп, аялдардын белин ичкертүүгө жардам берет. Ошол эле учурда кечки убак булчуңдардын иштешине жакшы таасир этет. Эркектерге келсек, кечки машыгуулар кан басымын төмөндөтүүгө жардам берет, ал эми физикалык… Кененирээк…

Кыргызстанда балмуздак экспорттоо 40 пайызга өстү

Кыргызстанда балмуздак экспорттоо 40 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылды. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын башкы импорттоочусу Казакстан. Коңшу мамлекет өткөн жылы жалпы көлөмдүн 99,5 пайызын сатып алган. Муну менен катар базмуздак экспорту Кыргызстандан Өзбекстанга 10 пайызга өссө, Россияга экспорт тескерисинче 2 эсе азайган.

Таласта өзгөчө кырдаал режими алынды

Таласта суу каптоо коркунучу жоюлуп, өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Эске салсак, үч күн мурун Талас районунун Айдаралиев айыл аймагынан аккан Каракол суусу тоңуп, жалпысынан 50 турак жайдын короо-сарайын суу каптоо коркунучу жаралган. Көпүрө-Базар айылындагы суунун нугун тазалоонун жалпы узундугу… Кененирээк…