Кыргызстанда эчки тыбытын иштеткен завод ачылды

Америкалык ишкер Сай Белохлавек өнөктөштөрү менен бирге “Бишкек эркин экономикалык аймагынын” аянтында эчкинин тыбытын, топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүчү «Кыргыз Кашемир» деп аталган цех ачты. Бул тууралуу «Азаттык» Кыргызстандын Министрлер кабинети жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигине таянып жазды. Чакан заводдун ачылышына Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын… Кененирээк…

Жыл аягына чейин ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилди

Министрлер кабинетинин токтому менен Кыргызстанда 2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкерлик чарбаларды текшерүүгө убактылуу мораторий киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады. Укук коргоо жана башка ыйгарым укуктуу органдар саналуу учурлардан башка учурларда бизнес субъектилерин текшере албайт. Маселен, кылмыш ишин иликтөө жана жарандык соттук өндүрүштүн алкагында,… Кененирээк…

Электр энергиясын өчүрүү боюнча абоненттерге эскертүү берилет

Электр энергиясын кыска мөөнөткө өчүрүү боюнча мындан ары абоненттерге эскертүү берилет. Улуттук электр тармактары ишканасы билдиргендей, буга чейин аны ишке ашыруу мүмкүн болбой жаткан. Себеби кайсы аймакта электр энергиясы көп керектелип жатканы белгисиз болчу. Компания жарыкты убактылуу өчүрүүлөр ири аварияларды болтурбоо жана жабдууларды иштен чыгарбоо… Кененирээк…

Майлуу-Суудагы авария боюнча кылмыш иши козголду

Майлуу-Суу шаарындагы таза суу түтүктөрүндөгү авария фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Novosti.kgге Башкы прокуратурадан билдиришкендей, иш “Шалаакылык” беренеси боюнча тергелип баштады. Учурда иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, жыйынтыгында окуянын себептери жана күнөөлүүлөр аныкталат. Эске салсак, 13-январдан тарта Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Катуу… Кененирээк…

Whatsappта жаңы функция пайда болот

Whatsappта жаңы функция пайда болот. Кеп керексиз же шектүү контакттарды тез бөгөттөө жөнүндө болуп жатат. Иштеп чыгуучулар тизмеде жок, же ишенимсиз деп эсептелген абоненттен билдирүү келип түшсө, атайын баскыч кошууну пландаштырууда. Жаңычылдык жакын арада колдонуучуларга жеткиликтүү болот деп күтүлүүдө.

Баткенде 45 үйдүн курулушу аяктап, ээлерине тапшырылды

Баткенде 45 үйдүн курулушу аяктап, ээлерине тапшырылды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, чек ара жаңжал учурунда гуманитардык жардам катары чогулган каражаттын эсебинен үй ээлерине 100 миң сомдон берилди. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев башка үйлөрдүн курулушу толугу менен 1-мартка чейин аяктарын билдирди. Былтыркы жылдын сентябрында кыргыз-тажик… Кененирээк…

Кыргызстандын 5 облусунда компьютердик томографиялар ачылат

Кыргызстандын 5 облусунда компьютердик томографиялар ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аппараттар Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарына орнотулат. Белгиленгендей, жабдуулар көп функционалдуу жана бейтаптарды кароодо анализдерди так жүргүзө алат.

Дүйнөдөгү эң баалуу бренд аталды

Amazon Apple компаниясын басып өтүп, дүйнөнүн эң баалуу брендине айланды. Ошол эле маалда эксперттер бир жыл ичинде Джефф Безостун компаниясы 51 миллиард долларды жоготкондугун белгилешүүдө. Amazon азыр 299 миллиард долларга бааланат. Өз кезегинде Apple брендинин баасы 16 пайызга төмөндөп, 297,5 миллиард долларды түзөт. Үчүнчү орунда… Кененирээк…

Британиялык миллиардер «Манчестер Юнайтедди» сатып алууга даяр

Британиялык миллиардер Джим Рэтклифф «Манчестер Юнайтед» футболдук клубун сатып алууга даяр экенин билдирди. Ал биринчилерден болуп клубду сатуу процесси жүрүп жаткан банкка өзүнүн кызыкчылыгын расмий  каттаган. Талапкерлер арасында соода февраль айында башталышы керек. Натыйжада, клуб сезондун аягына чейин башка бирөөнүн колуна өтүшү мүмкүн. Белгиленгендей, британиялык… Кененирээк…

Кыргызстанда ун менен нандын баасы кымбаттаган жок

Кыргызстанда ун менен нандын баасы кымбаттаган жок. Экономика министрлиги билдиргендей, бул кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын дагы бир жылга узартуунун эсебинен мүмкүн болду. Мындан тышкары, кумшекер, өсүмдүк майы, тооктун жумурткасы, арпа жана сулу КНСтен бошотулган. Бул да айрым товарлардын баасын кармоого мүмкүндүк бергенин мекеме белгилейт.