Бишкекте автобекеттердин айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы автобекеттердин айланасын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Батыш автобекетинде автобустардын ыңгайлуу өтүшү үчүн бордюрлар орнотулууда, монтаждоо иштери аяктагандан кийин асфальттоо жана мурда орнотулган бетон тосмолорун алып салуу пландалууда.   Андан соң Чыгыш автобекетин көрктөндүрүү иштери башталат. Ал жерде брусчатка төшөлүп,… Кененирээк…

FIFA рейтингинде Кыргызстан курамасынын позициясы төмөндөдү

Бүгүн FIFA уюму футбол боюнча улуттук курамалардын дүйнөлүк рейтингин жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты.   Ага ылайык, Кыргызстандын улуттук курама командасы бир позицияга төмөндөдү — буга чейин 96-орунда болсо, эми 97чи баскычта (211 орундун ичинен). АФКнын рейтингинде улуттук курамакоманда 46 орундун ичинен 17-сапта жайгашкан.… Кененирээк…

Арча-Бешик конушунун абоненттеринин суу үчүн төлөмү кайра эсептелди

Июнь айында «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы Арча-Бешик конушунун 5504 абонентинин убактылуу ичүүчү суусу жок болгон мезгили үчүн төлөмдөрүн кайра эсептеп чыкты. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, кайра эсептөө иштери абоненттердин сууга жана саркынды сууга ай сайын төлөнүүчү төлөмдү, дебитордук карызды жана кайра эсептөө жөнүндө маалыматты камтыган квитанцияларды берүү… Кененирээк…

Бишкектин Көк-Жар конушунда бала бакча пайда болот

Бишкектин Көк-Жар конушунда бала бакча пайда болот. Жаңы имарат  280 бөбөккө чакталат. Анда оюн, уктоочу бөлмөлөрү, сактоочу жай, медициналык кабинет, спорт жана музыка залдары каралган.   Объект колдонууга ушул жылдын сентябрына чейин берилип калат деп пландалууда.

Экономика министрлиги Салык кодексине жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүгө киришти

Экономика министрлиги Салык кодексине жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүгө киришти. Бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, ага салык кеңешчилери, эксперттер, банк тармагынын жана бизнес өкүлдөрү кирди.   Ведомстводон белгилешкендей, Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү – салык төлөөчү менен мамлекет ортосундагы кызыкчылыктарды туура бөлүштүрүү үчүн туруктуу процесс. Талаптарга ылайык,… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш эки айлык каникулга тарады

Жогорку Кеңеш бүгүн 29-июнда кезектеги сессиясын жыйынтыктап, эки айлык каникулга тарады. Бүгүнкү отурумда жалпысынан элүү чакты мыйзам долбоору каралып, алардын айрымдары кабыл алынды, кээ бирлери четке кагылды.   Парламенттин жетинчи чакырылышынын экинчи сессиясын жыйынтыктап жатып төрага Нурланбек Шакиев 75 жыйналыш өткөнүн, 222 мыйзам долбоору жана… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш Сауд фонду тарабынан Кыргызстанга 100 миллион доллардын бөлүнүшү боюнча макулдашууну үчүнчү окууда ратификациялады

Жогорку Кеңеш Сауд фонду тарабынан Кыргызстанга 100 миллион доллардын бөлүнүшү боюнча макулдашууну үчүнчү окууда ратификациялады. Каражат  25 жылга берилүүдө, анын беш жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп 1,5 пайыздык үстөк төлөнөт.   Долбоорду Мамлекеттик ипотекалык компания ишке ашырат.  100 миллион долларга Кыргызстан 174 миң чарчы метр турак… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш “Элдик курултай” мыйзамын колдоду

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору бүгүн 29-июнда Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. Ага 69 депутат макулдугун, ал эми экөө каршы деген добушун беришти.   Мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров демилгелеген. Аны кайра иштеп чыгуу үчүн депутаттардын жумуш тобу түзүлгөн. Топтун башчысы Жанарбек… Кененирээк…

Окумуштуулар дүйнөдөгү эң популярдуу тилдерди аныктады

Окумуштуулар дүйнөдөгү эң популярдуу тилдерди аныктады. Рейтингдин сап башында – англис тили жайгашат.   Бул тилде 1,5 миллиард адам сүйлөйт. Англис тили 40 мамлекетте расмий болуп саналат, анын ичинде Индия, Ирландия, Жаңы Зеландия жана Ямайка дагы бар.   Кытай тили экинчи орунда турат. Анда 1… Кененирээк…

Ошто Масалиев жана Навои көчөлөр кесилишинде жөө жүрүүчүлөр өтмөгү курулат

Ошто Масалиев жана Навои көчөлөр кесилишинде жөө жүрүүчүлөр өтмөгү курулат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, анын бийиктиги 7 метрге чейин жетет.   Тепкичтер 4 тарабында тең каралган. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар  үчүн атайын көтөргүчтөр орнотулат. Өтмөк аба-ырайынын бардык шарттарында тең ыңгайлуу болушу үчүн төрт кабаттуу… Кененирээк…