Бишкектин Панфилов көчөсү убактылуу жабылды

Бишкектин Панфилов көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкеде ирригация орнотуу, жолдун батыш тарабындагы тротуарды иретке келтирүү менен толук реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Жол качан ачыларын мэрия тактаган жок.

Маданият министрлиги облустук гезиттердин баарын жоюуну сунуштап жатат

Маданият министрлиги облустук гезиттердин баарын жоюуну сунуштап жатат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ министрликтин жумушун оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык облустук гезиттердин иштен бошогон кызматкерлерине жөлөкпул жана компенсация төлөө үчүн каражат бөлүү маселеси каралат. Өлкөдө бюджеттен каржылануучу 12 облустук гезит бар.

Гонконгдо гүлдөрдүн көргөзмөсү өтүп жатат

Гонконгдо гүлдөрдүн көргөзмөсү өтүп жатат. Кеңири масштабдагы экспозицияга дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 40 миңге жакын жыпар жыттуу композиция коюлган. Түстүү иш-чарага жүздөгөн туристтер жана Гонконгдун тургундары катышууда. Бул жылы көргөзмөнүн негизги гүлү жаркыраган гортензия болду. Аны ар бир композициядан көрүүгө болот. Туристтерге гүлдестелерден тышкары кооз идиш… Кененирээк…

Жалал-Абадда 100 мектеп өрт өчүрүү жана медициналык шаймандар менен камсыздалды

Жалал-Абаддын район-шаарларындагы 100 мектепке өрт өчүрүү жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө керектелүүчү шаймандар алынып келинди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, алар ЮНИСЕФтин «Коопсуз мектептер» долбоорунун алкагында каржыланып, жеткирүү жагы Кызыл Ай коомунун облустагы кызматкерлери тарабынан ишке ашырылган. Жабдыктардын алгачкы бөлүгү бүгүн Жалал-Абад… Кененирээк…

ТИМ кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына Тажикстанга ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартууну дагы бир ирет сунуштайт. Ведомствонун маалыматына караганда, Душанбе шаарындагы эл аралык аэропортко келген учурда, чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарын киргизбей коюуда. Мындай учурда авиабилеттерди сатып алууга жана транзиттик зонада кийинки каттамды күтүүдө… Кененирээк…

Кытай чет элдиктер үчүн визалардын бардык түрүн берүүнү жандантат

Кытай 2020-жылдын мартында коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган чет элдиктер үчүн визалардын бардык түрүн берүүнү 15-марттан тарта жандантат. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти билдирди. Чет өлкөдөгү мекемелер чет элдиктердин Кытайга кирүүсү үчүн документтердин бардык түрлөрүн иштеп чыгууну жана берүүнү кайра баштайт.… Кененирээк…

Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнести колдоо программасы кабыл алынды

Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнести колдоо программасы кабыл алынды. Анда бизнести тейлөө моделине өтүү, башкача айтканда, салыктык текшерүүлөрдү кыскартуу, бажы инфраструктурасын санариптештирүү каралган, деп билдирет Экономика жана соода министрлиги. Документ ошондой эле технологияны жана сергек атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону камсыз кылууга… Кененирээк…

Таиландда пилдердин улуттук күнү белгиленди

Таиландда пилдердин улуттук күнү белгиленди. Бул майрам өлкөнүн улуттук жана маданий өзгөчөлүгүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Көңүл ачуучу датанын урматына Таиланддагы ботаникалык парктардын бири 60 коногун жашылча-жемиш менен сыйлады. Сегиз метрлик столго пилдин үч тонна азыгы коюлган. Белгилеп кетсек, майрам сүт эмүүчүлөрдүн бул түрүн сактап… Кененирээк…

Азык-түлүктүн дүйнөлүк баасы 11 ай катары менен төмөндөөдө

Азык-түлүктүн дүйнөлүк баасы 11 ай катары менен төмөндөөдө. Буга Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы далил. Өсүштүн эң жогорку деңгээли 2022-жылдын мартында Украинадагы согуштун фонунда катталган. Бирок, азыр, бир жылдан кийин көрсөткүчтөр дээрлик 19 пайызга кыскарды. Ал эми буудай бир аз жогорулады.… Кененирээк…

Бишкекте спорттун улуттук түрлөрү боюнча республикалык оюндар башталды

Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында спорттун улуттук түрлөрү боюнча республикалык оюндар башталды. Мелдеш Нооруз майрамына арналып, жазгы күн менен түн теңелгенге чейин уланат. Анын алкагында көк бөрү, салбуурун, кыргыз күрөш жана башка спорт түрлөрү боюнча мыктылар аныкталат. Көк бөрү боюнча мелдеш 15-мартта башталат. Ага 12 команда… Кененирээк…