Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы каттам ачылды

Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы каттам ачылды. «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Пекинден Бишкекке биринчи каттам менен 90 жүргүнчү учуп келип, Бишкектен Пекинге 150 жүргүнчү учуп кетти.   Жүргүнчүлөрдү кытайлык компания ташып баштады. Жаңы каттам жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана… Кененирээк…

Январдын аягына чейин 128 айыл округу жогорку ылдамдыктагы интернетке туташат

Январдын аягына чейин 128 айыл округу жогорку ылдамдыктагы интернетке туташат. “Кыргызтелекомдун” маалыматына караганда, Digital CASA долбоорунун экинчи этабынын алкагында Чүй, Талас, Баткен жана Жалал-Абад облустарында иштер ийгиликтүү аяктады.   Учурда зымдар айыл округдарына тартылып, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырууга даяр. .

Кыргызстанда суу эсептегичтерди бардык жерге орнотуу пландалууда

Кыргызстанда суу эсептегичтерди бардык жерге орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын адиси Таалай Бозгунчиев билдирди.   Анын айтымында, суунун эсебин жүргүзүү жана сууну колдонууга уруксат берүү системасын калыбына келтирүү мерчемделип жатат. Бул заманбап технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берет.   Бирок… Кененирээк…

Былтыр Кыргызстанда сүт өндүрүү көбөйдү

Былтыр Кыргызстанда сүт өндүрүү көбөйдү.   Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2023-жылы 1 миллион 777 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 2,5 пайызга көп.   Маалыматка ылайык, сүт өндүрүү боюнча Чүй облусу алдыда. Ал эми эң аз продукция Талас облусунда өндүрүлгөн.

Кыргызстанда бир нече күн жана шамал станциялары курулат

Кыргызстанда алты шамал жана тогуз күн станциялары курулат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымында, бул объектилердин курулушу менен өлкөдө электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугу жылына 16 млрд кВт сааттан ашык өсөт. Бирок бул жумуштар качан ишке ашары такталган жок.

24.01.24 сандарын камтыган кооз датада 200дөй түгөй баш кошту

Кыргызстанда 24.01.24 сандарын камтыган кооз датада 184 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.   Аталган министрликке караштуу Калкты каттоо департаменти былтыр республика боюнча дээрлик 45 миң никени каттаган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 1 миң 400гө көп.   Ал эми бүгүнкү күнгө карата 2… Кененирээк…

Дем алыш күндөрү Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Дем алыш күндөрү Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Иш-чара Киев – Раззаков – Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде эртең мененки саат 8ден кечки 6га чейин болот.

Бишкек шаардык милициясына электромобилдер тапшырылды

Бишкек шаардык милициясына кызматтык үч электромобиль автоунаасы тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Унааларды шаардык милицияга Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун катышуусунда салтанаттуу тапшырган.   Электромобилдер Ички иштер министрлиги менен Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин ортосундагы… Кененирээк…

Эң кирешелүү футбол клубу аныкталды

Эң кирешелүү футбол клубу аныкталды.   Deloitte консалтинг агенттигинин маалыматына ылайык, рейтингдин сап башында мадриддик “Реал” жайгашат, ал өткөн жылы 831 миллион евро тапты.   Экинчи орунда 826 миллион менен англиялык премьер-лиганын жана Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү “Манчестер Сити” турат. Ал эми үчилтикти 802 миллион евро… Кененирээк…