Президент салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.   Мыйзам салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан. Сунушталган өзгөртүүлөр менен айрым учурларда электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын ордуна мындай эсеп-фактураны алмаштыруучу… Кененирээк…

Жалал-Абадда жеңил жүк ташуучу унааларды чыгаруучу завод куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунда жеңил жүк ташуучу унааларды, жүк ташуучу электр мотоциклдерин, насосторду жана клапандарды чогултуучу завод куруу пландалууда.   Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысы Абсаттар Сыргабаевдин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында бул багыттагы инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында Кытайдын “Shaanxi Qing Ju New Energy… Кененирээк…

Казакстандын өкмөтү отставкага кетти

Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирген жарлыкка кол койду. Маалымат Президенттин akorda.kz расмий сайтына жарыяланды.   Казакстан Башмыйзамынын 70-беренесине ылайык кабыл алынган чечимдин негизинде Алихан Смаилов премьер-министр кызматынан бошотулуп, ордуна Роман Скляр убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалган.   Аны менен катар өкмөттүн жаңы курамы… Кененирээк…

Үч жылда ККМ аппарат колдонгондор төрт эсе көбөйдү

Мамлекеттик салык кызматы үч жыл ичинде көзөмөл-кассалык машиналарды колдонгондор төрт эсе көбөйгөнүн маалымдады.   Белгилүү болгондой, учурда 75 миң 695 ККМ аппарат ийгиликтүү колдонулуп жатат. Бул 2020-жылга салыштырмалуу төрт эсе көп. Салык кызматы өлкөнүн бардык аймагына ККМди жайылтуу чараларын системалуу жүргүзүүдө. Анын алкагында бул аппараттын… Кененирээк…

Кыргызстанда 34 кесиптик лицей жана колледж компьютерлер менен камсыз болот

Кыргызстанда 34 кесиптик лицей жана колледж компьютердик техникалар менен камсыз болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, техника менен камсыздоо Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Ошентип, 2024-жылы 34 башталгыч… Кененирээк…

Майкл Джордандын кийилген бут кийимдери рекорддук баага сатылды

Майкл Джордандын кийилген бут кийимдери рекорддук баага сатылды. 6 жуп кроссовки үчүн анын күйөрманы 8 миллион доллар төлөдү. Бул бут кийимдер менен легендарлуу баскетболчу 1990-жылдары НБА чемпионатынын алты финалында жеңишке жеткен.   Айрымдарында Джордандын кол тамгасы бар. Белгилеп кетсек, Майкл Джордан “Чикаго” курамында НБАнын 6… Кененирээк…

Парламентте электрондук тамекиге толугу менен тыюу салуу сунушталды

Парламентте электрондук тамекиге толугу менен тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ кабыл алынса, электрондук тамеки чеккендер 40 миң сомго чейин айыпка жыгылат.   Ал эми аларды сатуу үчүн физикалык жактар 50 миң сомго, юридикалык жактар 65 миң сом айып төлөйт.  … Кененирээк…

Футбол боюнча 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын ачылыш оюндары Мексиканын борбор шаары Мехикодо өтөт

Футбол боюнча 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын ачылыш оюндары Мексиканын борбор шаары Мехикодо өтөт. Оюн “Ацтека” стадионунда 11-июнда болот. Ал эми мундиалдын финалы Нью-Джерсиде өтөт деп белгиленди.   Эки арена тең 83 миңден ашык күйөрманды кабыл алат. Эске салсак, 2026-жылкы дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексиканын 16… Кененирээк…

Өзгөндө айланма жолду куруу уланууда

Өзгөндө айланма жолду куруу уланууда. Бул тууралуу “Акчабар” Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Талантбек Имановго шилтеме келтирип билдирет.   Анын айтымында, курулуш алдына атайын база түзүлүп, анда кичи цемент заводу, таш майдалоо цехи жана башка зарыл объектилер ачылган. Жумуштар ушул жылдын аягына чейин жыйынтыкталып, 2025-жылдын… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 3,7 чакырымы макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 3,7 чакырымы боюнча макулдашылды.   Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Баткенде өттү. Жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты.  … Кененирээк…