Бишкекте 4 миңден ашык вакансия сунушталат

Бишкекте 4 миңден ашык вакансия сунушталат. 1-июлга карата Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында 4 миң 408 бош орун катталган.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, иш берүүчүлөр талап кылган адистердин 74 пайызы жумушчу кесиптер.   Белгилеп кетсек, ордо калаада жалпысынан… Кененирээк…

Зардалы, Коргон-Катран-Баул унаа жолдорунда сел жүрүп, учурда жол жабык

Зардалы, Коргон-Катран-Баул унаа жолдорунда сел жүрүп, учурда жол жабык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жерине аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар тартылды.   Ошондой эле, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдар аралыгы жана жолдун Баткен-Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу токтоду.

Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай алган бүтүрүүчүлөр президенттин колунан сертификат алды

Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай алган бүтүрүүчүлөр президенттин колунан сертификат алды. Салтанаттуу иш-чара Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өттү.   Эске салсак, быйыл мыкты жыйынтыкты 58 окуучу алды. Алар Кыргызстандын каалаган жогорку окуу жайына сынаксыз кабыл алынып, акысыз билим алууга укуктуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Орто-Сай” подстанциясы курулууда

Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Орто-Сай” подстанциясы курулууда.   Бул тууралуу ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришти. Көмөк чордон шаардын түштүк-чыгыш тарабында жашаган абоненттерди сапаттуу электр энергиясы менен камсыздайт.   Ошондой эле ал электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында орточо айлык 34 миң 710 сомду түздү

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында орточо айлык 34 миң 710 сомду түздү.   Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдиргендей, 2023-жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу өсүү 11 пайызды түзгөн.   Эмгек акынын жогорулашы дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операциялар, курулуш,… Кененирээк…

«Ала-Тоо» эл аралык университети улуттук рейтингдин сап башына чыкты

“Ала-Тоо” эл аралык университети Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын улуттук рейтингинде 453, 58 балл менен экинчи орунду ээледи. Бул көрсөткүч окуу жайдын көп тармактуу университет катары туруктуу лидерлигин кайрадан тастыктап, билим берүүнүн сапатын камсыз кылууда талыкпаган умтулуусун көрсөтөт.   Улуттук рейтинг – окуу жай тарабынан көрсөтүлүүчү… Кененирээк…

Испания курамасы Европа чемпионатынын финалына чейин бардык беттештерди жеңүү менен жетти

Испания курамасы Европа чемпионатынын финалына чейин бардык беттештерди жеңүү менен жетти. Жарым финалда “кызыл фурия” атыккан команда Франция курамасын утуп алды.   Ага чейин Германия жана Түркия футболчуларын жеңген. Ал эми тайпа ичинде испан футболчулары Албания, Италия, Хорватия курамаларынан күчтүү болду.   Финалда жеңишке жетсе,… Кененирээк…

Өзгөн районунун Чымбай айылында жаңы мектеп пайда болот

Өзгөн районунун Чымбай айылында жаңы мектеп пайда болот.   Турдумамат Сарыков атындагы билим берүү мекемеси 375 окуучуга чакталат. Имарат 3 блоктон туруп, анда окуу корпусунан тышкары спорт зал жана галерея каралган.   Курулуш иштери учурга карата 85 пайызга аткарылды. Андан кийин мектептин айланасын көрктөндүрүү иштери… Кененирээк…

Алимент төлөбөгөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Алимент төлөбөгөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Президент Садыр Жапаров “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.   Ага ылайык, жашы жете элек балдарды багуудан баш тарткандарга, өз маянасын жашырып же азайткандарга, ишке орношуудан баш тарткандарга кылмыш жазасы каралат. Кыргызстандагы акыркы статистикаларга таянсак, өлкөдө 42 миңден… Кененирээк…

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу толугу менен ачык

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу толугу менен ачык. Бул тууралуу Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жеринде тазалоо иштерин жүргүзүп бүттү.   Эске салсак, эки күн мурун нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 71-чакырымы жана 82-чакырымындагы… Кененирээк…