Бишкекте эртеңден тарта №104 муниципалдык автобус каттамы ишке кирет

Бишкекте эртеңден тарта №104 муниципалдык автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Бул автобустун акыркы аялдамасы “Эне-Сай” конушунда жана “Орто-Сай” айылында жайгашат.   Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралыгы 15-17 мүнөттү түзөт.

“Барселона” франциялык ПСЖга 16 жаштагы Ламин Ямалды сатуудан баш тартты

“Барселона” франциялык ПСЖга 16 жаштагы Ламин Ямалды сатуудан баш тартты.   Каталондуктар Ямаль перспективдүү оюнчу болгондуктан, аны сатуу ойдо жок экенин белгилешти.   ПСЖ болсо жаш футболчу үчүн 250 миллион евро сунуштаган. Эгер келишим жетишилсе, бул футбол тарыхындагы эң кымбат трансфер болуп калмак. Кошумчалап кетсек,… Кененирээк…

Бишкекте “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоо уланууда

Бишкекте “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоо уланууда. Бул тууралуу ордо калаа бийлиги маалымдайт.   Оргумалар алмаштырылып, жаңы эскиз боюнча түнкүсүн борбордук аянтты күйүп-жана турган фонтандар кооздойт. Реконструкция иштери августта аяктайт деп пландалууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Эртең, 12-июлда “Торугарт-автожол” көзөмөл өткөрүү бекети бир саатка жабылат

Эртең, 12-июлда “Торугарт-автожол” көзөмөл өткөрүү бекети бир саатка жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.   Бул убакытта өткөрүү пунктунда техникалык иштер жүргүзүлөт.   Белгилеп кетсек, “Торугарт” өткөрүү пункту мамлекеттик чек аранын Нарын облусундагы кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан.

Баткен облусунун Көк-Терек айылында сел көпүрөнү агызып кетти

Баткен облусунун Көк-Терек айылында сел көпүрөнү агызып кетти. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, өтмөк Достук – Ак-Сай жолунда жайгашат. Айыл чектеш аймакта орун алгандыктан, коңшу өлкө менен транспорт байланышы убактылуу үзгүлтүккө учурады.   Тажик тарап менен көпүрөнү биргелешип калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.   Ведомстводон… Кененирээк…

Сыргабаев транспорт министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев кызматтан бошотулду.   Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен ал транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Президенттин басма сөз кызматы ал… Кененирээк…

«Акылман» президенттик лицейинин окуу корпустары кеңейтилүүдө

«Акылман» президенттик лицейинин окуу корпустары кеңейтилүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда лицейде 2024-2025-окуу жылын утурлай курулуш иштери жүрүүдө. Окуу корпусу үчүн бөлүнгөн эки кабаттуу эски имарат реконструкцияланып, үстүнө үчүнчү кабат салынат.   “Имаратта 360 окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.… Кененирээк…

Чолпон-Атада КМШнын Туризм кеңешинин жыйыны өтүүдө

 Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысы Максат Усубалиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин туризм боюнча кеңешинин жыйынын ачты. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.   Усубалиевдин айтымында, аянтча КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы туризм тармагына жагымдуу шарттарды түзүү жана өлкөлөрдүн экономикасын… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд метр кубдан ашты

Токтогул суу сактагычында июлдун алгачкы жумасында 11 млрд 112 млн метр куб суу топтолду. Май айында 9,5 млрд метр куб суу бар болчу. «Электр станциялары» ишканасы учурда суу сактагычка секундасына 1082 метр куб суу агып кирсе, чыгышы 451 метр кубду түзүүдө. Марттын башында суунун көлөмү… Кененирээк…

Чүйдө эл аралык деңгээлдеги Байтик тоо курортун куруу пландалууда

Чүйдө эл аралык деңгээлдеги Байтик тоо курортун куруу пландалууда. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктен билдиришти.   Маалыматка ылайык, агенттик менен россиялык компания жана Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда үч тараптуу меморандумга кол коюлду.   Чүй облусунда Baytik Mountain Resort тоо-туристтик кластери курулат. Курорттун долбоору 15 асма… Кененирээк…