Селден жабыркагандар үчүн Ош шаарына Өзбекстандан гуманитардык жардам келди

Селден жабыркагандар үчүн Ош шаарына Өзбекстандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктү “Достук” чек ара бекетинен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.   13 жүк ташуучу унаа менен келген гумжардамдын салмагы 200 тонна. Анда курулуш материалдары, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүк бар.… Кененирээк…

Бишкекте 18-июлда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Бишкекте 18-июлда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, анын Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки тилкесинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.   Бул пландалган жумуштардын биринчи этабы. Кийинки кезекте Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүк калыбына келтирилет.

Испания курамасын Мадридде чемпиондук парад менен тосуп алышты

Испания курамасын Мадридде чемпиондук парад менен тосуп алышты.   Европа чемпионатынан кийинки салтанат борбордук аянтта миңдеген күйөрмандардын катышуусу менен өттү.   Эске салсак, Испания курамасы финалда Англия футболчуларын 2:1 эсебинде утуп алды. Муну менен “кызыл фурия” төртүнчү ирет Европа чемпиону аталууда.

«Комсомол» көлүнө скважинадан таза суу толтурулуп жатат

Бишкектеги Каражыгач токоюндагы «Комсомол» көлүнө суу толтурулууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.   «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көлдүн түбүн механикалаштырылган жана кол менен тазалоо, ошондой эле учурдагы скважиналарды, канализация системасын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.   Учурда көлдүн айланасындагы тротуарларды асфальттоо иштери да жасалууда. Мэриянын… Кененирээк…

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-17 июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. 17-июлда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү… Кененирээк…

Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулууда

Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, республикалык бюджеттен каржыланган билим берүү мекемесинин курулушу 2016-жылдан жүрүп жатат. Иштер 60 пайызга аяктап калды.   Белгилеп кетсек, буга чейинки мектептин имараты… Кененирээк…

Селден улам жабылган Каракол – Эңилчек унаа жолу бир тараптуу ачылды

Селден улам жабылган Каракол – Эңилчек унаа жолу бир тараптуу ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ трассанын 75-77-чакырымдар аралыгында сел жүрүп, таштар түшкөн.   Бүгүн жол бир тараптуу ачылды, жеринде тазалоо иштери уланууда. Эске салсак, Ак-Суу районунун Эңилчек айылында жаандын кесепетинен сел 10 турак… Кененирээк…

Дүйнөдө эң кымбат суу — Монакодо

Дүйнөдө эң кымбат суу — Монакодо. Жергиликтүү дүкөндөрдө 1,5 литр таза суу 6 долларга же болжол менен 500 сомго сатылат.   АКШда ошол эле көлөмдөгү сууну 2 долларга сатып алса болот. Ошондой эле суусу кымбат өлкөлөрдүн тизмесинде Африка, Барбадос, Коста-Рика жана Исландия бар.   Ал… Кененирээк…

Бишкекте жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу 13 автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу 13 автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.   Ал эми кечээ Байтик баатыр көчөсүнүн Кулатов —  Бөкөнбаев бөлүгү ачылды. Буга байланыштуу №42, 166, 226, 222, 216, 212, 195, 105, 152, 49,… Кененирээк…

Нарын облусунун Ат-Башы районунда жаңы автобекет пайда болот

Нарын облусунун Ат-Башы районунда жаңы автобекет пайда болот.   Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, эскиздик долбоор Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.   Долбоордо баардык муктаждыктар эске алынып, жүргүнчүлөргө заманбап күтүү залы, туристтерге маалымат берүүчү кеңсе,… Кененирээк…