Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 18-19-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   Сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Президенттер кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропортунда жаңы заманбап VIP зал ачылды

“Манас” эл аралык аэропортунда жаңы заманбап VIP зал ачылды. Ал “Манас 2” имаратынын экинчи кабатында жайгашкан. Бул тууралуу аталган аба майдандан кабарлашты.   VIP залда жогорку класстагы эл аралык стандарттарга жооп берген шарттар түзүлдү. Эс алуу жана иштөө үчүн атайын бөлмөлөр, эне жана бала бөлмөсү… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы бала бакча курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы бала бакча курулууда.   Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Михайловка айылында жайгашат.   Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүрүүдө. Бала бакча ушул жылы колдонууга берилет.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Ошто ипотекалык үйлөрдүн курулуша капсула салынды

Ошто ипотекалык үйлөрдүн курулуша капсула салынды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, “Асман резиденс” комплексинде 12 кабаттан турган   8 үй курулат.   Андагы батирлердин жалпы саны – 528. Үйлөр колдонууга 1,5 жылда берилет деп пландалууда. Долбоорго ылайык, жанында спорт зал, унаа токтотуучу жана тамактануучу жайлар жайгашат.  … Кененирээк…

Майыптарга кам көргөн жеке ассистенттерге төлөнчү акы жогорулады

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга камкордук көргөн жеке ассистент кызматы үчүн төлөм көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалымат боюнча 1-июлдан тарта жеке ассистент төлөмү 6 268 сомдон 7 681 сомго чейин жогорулаган. «2019-жылдан баштап бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж… Кененирээк…

Таласта ипотекалык үйлөрдүн курулушу капсула салынды

Таласта ипотекалык үйлөрдүн курулушу капсула салынды. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардановдун айтымында, “Тынчтык Ордо” турак-жай комплексинде беш кабаттуу 10 үй курулат.   Долбоорду ишке ашырууга 448 миллион сом багытталат Каражат облусту өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт.   Аталган турак-жай комплексиндеги батирлер мамлекеттик… Кененирээк…

Кыргызстанда браконьерлерге жаза күчөтүлдү

Кыргызстанда браконьерлерге жаза күчөтүлдү.   Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыян үчүн айып жогорулатылганын билдирди.   Ага ылайык, ак илбирсти аткардарга 2 миллион сом айып салынат, буга чейин айыптын көлөмү 1,5 миллион болчу. Аркар, күрөң аюу, марал, бугу, жейренди… Кененирээк…

Бүгүн кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды

Бүгүн кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, болочок студенттерди кабыл алуу “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.   Биринчи этап 24-июлга чейин созулат. Экинчи тур 30-июлдан  7-августка чейин жана үчүнчүсү 13-августтан 20сына чейин уланат.  … Кененирээк…

Ош облусундагы селдин кесепеттерин жоюуга бүгүн 380 куткаруучу жана  44 техника тартылды

Ош облусундагы селдин кесепеттерин жоюуга бүгүн 380 куткаруучу жана  44 техника тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда калыбына келтирүү иштери Кара-Суу районунда жана Ош шаарында жүрүп жатат.   Учурга карата Кара-Сууда селден жабыркаган 718 үйдүн 600дөн ашыгы тазаланып бүттү. Селдин… Кененирээк…

Бишкекте борбордук көчөлөрдү оңдоо иштери качан жыйынтыктала турганы айтылды

Бишкекте борбордук көчөлөрдү оңдоо иштери качан жыйынтыктала турганы айтылды. Мэриядан такташкандай, 20-августка чейин Ахунбаев, Абдрахманов көчөлөрүн бүтүрүү пландалып жатат.   Чүй проспектисинде иштер 20-сентябрга чейин аяктайт деп күтүлүүдө.   Ал эми Жибек Жолу проспектисин калыбына келтирүү  10-15-октябрга дейре уланат. Мэрия ремонт иштери графиктен 20 күн… Кененирээк…