Токтогул суу сактагычында дээрлик 11,6 млрд куб метр суу бар

19-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 548 млн куб метрди түздү.   Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматта айтылат.   Учурда суунун агып келиши секундасына 819 куб метрди түзөт, сууну керектөө секундасына 486 куб метрге жетүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан 18-июлуна чейин… Кененирээк…

42-212-автобус каттамдарынын кыймылы өгөртүлдү

Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу, №42, 212 автобус каттамдарынын кыймылы өгөртүлдү.   Мэриядан кабарлашкандай, №15 автобустун акыркы аялдамасы Лущихина көчөсүнөн Ак-Ордо-3 жаңы конушуна чейин узартылды. Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Парижде Олимпида оюндары учурунда коомдук тартипти камсыздаган полиция кызматкерлерине сагыз чайноого тыюу салынды

Парижде Олимпида оюндары учурунда коомдук тартипти камсыздаган полиция кызматкерлерине сагыз чайноого тыюу салынды. Тиешелүү буйрукту өлкөнүн ички иштер министри чыгарды.   Ошондой эле укук коргоочуларга социалдык тармактарга кирүүгө болбойт. Алар оюндарга келген коноктор менен сылык сүйлөшүп, ар кандай учурларда жардамга келүүгө даяр болушу керек.  … Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күнгө газ өчүрүлөт. “Бишкекгаз” ишканасынан билдиришкендей, 22-24-июль аралыгында көгүлтүр от Тоголок Молдо, Фере, Саадаев көчөлөрү, Ак-Тилек, Кара-Жыгач конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Бишкек мэриясы №7 троллейбустук каттамды линиясына кайтарууну чечти

  Бишкек мэриясы №7 троллейбустук каттамды линиясына кайтарууну чечти. Муниципалитеттин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жолдорду капиталдык оңдоого байланыштуу анын жүрүү каттамы өзгөртүлдү.   Акыркы аялдамалар мурдагыдай эле Ак-Орго конушу менен Тунгуч кичи районунда жайгашкан. Бирок Киев көчөсү менен эмес, Москва көчөсү аркылуу жүрөт.   Ушул жана… Кененирээк…

Ош шаарынын борбордук базарында селден 750 контейнер жабыркады

Ош шаарынын борбордук базарында селден 750 контейнер жабыркады. Алардын ээлерине 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев билдирди.   Ал белгилегендей, каражат каттоодон расмий өтүп, салык төлөп жүргөн жана патенти бар ишкерлерге гана берилет.   Эске салсак, 14-июлда нөшөрлөп жааган жаандан кийин… Кененирээк…